Бүгүн, 9-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 50 миллион 325 миң 72 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 32 миллион 980 миң 472 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 255 миң 489 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө акыркы бир суткада 100 миңден ашуун адамдан илдет аныкталып, ооругандардын жалпы саны 9 миллион 961 миң 324 болду. 237 миң 566 адам каза болсо, 3 миллион 881 миң 491 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 507 миң 754 адамдан аныкталды. 126 миң 121 адам каза болсо, 7 миллион 868 миң 968 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 664 миң 115 адам вируска кабылган. 162 миң 397 бейтап көз жумса, 5 миллион 147 миң 172 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.