Дзюдо боюнча Алматы шаарынын баш байгеси үчүн болгон мелдешке катышуучу спортчулардын курамы аныкталды

28-29-сентябрь күнү Казакстанда өтүүчү дзюдо боюнча Алматы шаарынын баш байгеси үчүн болгон беттешке катышуучу кыргызстандык спортчулардын курамы аныкталды. Бул тууралуу дзюдо федерациясы билдирет. Мелдешке 48 өлкөнүн спортчулары катышат. Кыргызстандан аталган мелдешке эркектер жана кыздар арасында жалпы 15 спортчу катышары маалым болду. Алардын толук курамы төмөндө:

 

Эркектер арасында:

Жолой Ибраимов, Арген Бактыбек уулу (60 килограмм салмакта)

Бектур Рысмамбетов, Эдиль Беккулов (66 кг)

Азат Кубакаев, Руслан Жаныбек уулу (73 кг)

Фарух Бөлөкулов (81 кг)

Юрий Краковецкий (100 килограммдан өйдө)

 

Кыздар арасында:

Айзада Жаналиева (48 кг)

Ксения Бельдягина (52 кг)

Гүлжаз Саимова, Алия Акунова (57 кг)

Мээрим Момунова, Асель Мусабекова (63 кг)

Айжан Кыдырбекова (70 кг)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан