Нарын. Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата кичи футбол башталды

Бүгүн Нарын шаардык ден соолукту чыңдоо клубунун залында 1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата шаардык мектептер арасында кичи футбол  боюнча мелдештин салтанаттуу ачылышы болду. Мелдешти Нарын шаардык спорт комитети жана шаардык СПИДге каршы күрөшүү борбору уюштуруп жатышат. Жалпысынан шаар ичиндеги мектеп жана лицейлерден 10 команда күч сынашат. Мектеп окуучуларынан куралган командалардагы оюнчулардын жашы 15-16 жашта. Мелдештин жыйынтыгы эртең чыгарылат. Жеңүүчү командаларды сыйлоо үчүн байге фонду уюштуруучулардан каралган. Нарын шаардык спорт комитети алдынкы үч командага 16000 сом бөлгөн. Ал эми Республикалык СПИДге каршы күрөшүү борборунан 300 АКШ доллары бөлүнгөндүгү тууралуу маалымат берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан