SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө жаран кайрылып, Ноокат районундагы ЗАГС бөлүмүнөн ОМС алуу үчүн кезекке туруп, эч жыйынтык болбой жатканын айтып нааразы болду.
Айтымында, бул көрүнүш жыл сайын кайталанат.
"Сиздерге кайрыла турган арыз муңубуз бар. Бүгүн Ноокат районунун ЗАГС бөлүмүнө ОМС алуу үчүн эртең менен 9:00дө кезекке турганбыз. Эртеден кечке чейин да кезек жетпей куурадык. Узун кезекте турган элге же күтүп турчу жай жок, же отургуч жок. Карыган адамдар да үшүп, тикесинен тик туруп кезек кутүштү. Бир кагаз үчүн 3-4 саат кезекке туруп, бир күн кечке эч нерсе бутүрбөдүм деп наалыган бир эле мен эмес, ондоп саналат.
Ал арада тааныш билиш же сырттан чөнтөккө акча салгандарды кызматкерлер акырын алып кирип кетип атат. Байкуш эл шайы оогончо тикесинен-тик туруп кезек күтүштү. Кагып силкип орой мамиле кылган кызматкерлер андан көп .Эмне үчүн ушул маселе айыл өкмөттө каралбайт? же башка жолдорун карап кеңейтишпейт. Бул көрүнүш жыл сайын кайталанат, күн сайын какшаган эл... Бир кагаз үчүн тээ алыскы айылдан суукта убара болуп келгендер бар. Деги муну тескеген бирөө барбы? - эмнеге, ушул негизги маселелер чечилбейт, сабырыбыз түгөндү", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.