УКМК "Женго" каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновго издөө жарыялады

УКМК "Женго" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Кадыр Досоновго издөө жарыялады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Бул иш-чаралардын алкагында Кадыр Досонов (Женго каймана аты менен белгилүү) аттуу уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнүн бири менчикке каршы оор кылмыш жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Ушул жылдын 28-ноябрь күнү сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда Кадыр Досоновго оор кылмыш жасаганга шектелип, ошол эле күнү Ош шаардык соту аны камакка алуу түрүн тандап, ага издөө жарыялаган. УКМК Досоновдун жүргөн жерин, ошондой эле анын башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгын аныктоо боюнча иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Almazhhhh
2020-11-30 12:11:53
Тутуп койо берип кайра издоо салып это Кыргызстан.Страна требовал героев а рождали дебилов.
+5
Alinur96kg
2020-11-30 16:49:07
Откондо эле кармалды дешип,кайра бошотушуп эми кайрадан издешип.Бекинчек ойноп атышабы?
+6
kamchatka
2020-12-01 02:45:49
Женго Дыйкан кыштакта эле журот уйно барсанар чыгат жеендерин жердештерин кошо камасанар чын эле криминал менен курошуп жатсанар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан