SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кайрылып, кичи мекени Аксыда чек ара маселесине байланыштуу чыр болуп жатканын билдирди. Айтымында, бул маселе көптөн бери чечилбей келет.
"Аксы районунун Дейрес айылында Өзбек тарап чек араны 10-15 метр Кыргыз өлкөсү тарапка киргизип, зым тартып жатыптыр. Жергиликтүү элдин айтымында, Чек Ара заставасынын башчысын да тоготпой, алар ишин жүргүзүп жатышыптыр. Жергиликтүү элдин азыркы бийликке болгон бирден бир нааразычылыгы азыр шайлоо деп жүрүшкөндө, "Өзбек тарап жерди басып алып жатат"- деп кыжыры кайнап жатат. Чек ара жол менен сызылган болсо, жолдун ар жагынан тартып жатат экен. Бул видеону алар мага жиберишти. "Кана, бир да метр жерди бербейбиз деген убадалар? Кана, баарын кыйратмакчы болгон бийлик?", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.