ЭЛДИК ВИДЕО: "Өзүмдү ар тараптуу өнүктүрүп, иштегим келет" деген мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жардамга муктаж

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кайрылып, операциясына чоң суммадагы каражат керектигин айтып, калың элдин колдоосуна муктаж болуп турганын билдирди.

Өзүн Нургүл деп тааныштырган окурмандын айтымында, ал эки жамбаш муундарынын диспластикалык артрозу 2-3- этап диагнозу менен жабыркап келет.

"Мен Нургүл Чыдыева 3-топтогу майыпмын. Учурда жолдошум 2 балам менен батирде турабыз. 34 жаштамын. Жолдошум болсо 32 жашта, учурда иштебейт. Мен тубаса төрөлгөндөн бери эле ушул дарт менен курөшүп келем. Кичинекей кезимде дарыгерлер операцияны көтөрө албайт деп операция жасашкан эмес. Ай сайын, жыл сайын дарыланып жүрчүмүн. Кийин чоңойондо гана жамбашыман операция болдум, эми дагы экинчи жагыман болом.

Геппатит Б болуп да ооруйм, 6 ай сайын дарыланып турам. Азыр 2 миң 700 сом жөлөк пул алам, ал дары дармегиме дагы жетпейт.

Мумкүнчүлүгүм чектелген деп отура бербестен, өзүмдү ар тараптуу өнүктүрүп, иштегим келет. Кулинария жаатына кызыгам, торт жасаганды үйрөнүп, иштесем дейм. Ага кошумча тигүүчүлүк тармагын дагы билем, керектүү техника тигүүчү машина болсо, өзүмдүн кийинки операцияма иштеп акча тапсам деген ниетим бар. Азыр 2 миң 700 сом жөлөк пул алам, ал дары дармегиме дагы жетпейт. Буюрса алдыда кулинарияны өздөштүрүп, машина алсам операцияма 3 миң доллар тапсам деп ниеттенип жатабыз", - деп билдирди окурман.

Анын айтымында, Нургүл айым интернеттен карап торт жасаганды үйрөнгөн. Кээде буйрутмалар да болуп турат дейт.

Жардам көрсөтүүнү каалаган кайрымдуу эл үчүн реквизит:

ЭЛСОМ: 0709010613

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

ЭЛДИК ВИДЕО: "Мүмкүнчүлүгү чектелген эне жардамга муктаж"

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kaninaiman
2020-12-01 18:57:51
Аллахым шыфа берсин,Балдарыныздын бакытын корунуз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан