Сокулукта 6 жашар өгөй баласын сабаган атанын иши сотко өттү

Чүйдүн Сокулук районунда 6 жашар өгөй баласын сабаган атанын иши сотко өттү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунда 6 жашар бала катуу сабалганы кабарланган. Анда баланын апасы күйөөсүнө карата тиешелүү чара колдонууну өтүнүп, милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал эми 23-ноябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматы 6 жашар баланы аёосуз сабаганга шектелген жаран кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген. Ал эми райондук сот жаранды үй камагына чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан