Бишкектин Ленин районунда Ала-Арча суусуна 56 жаштагы эркек киши сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-декабрь күнү саат 13:10 чамасында Москва менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Ала-Арча суусуна 1964-жылы туулган эркек киши кулап түшкөн.
ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамды суудан алып чыгышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Жарандын абалы канааттандырарлык.