"Туумдан дагы акча "туудуруп" алган энергетиктердин "тизгинин" ким тартат?. Эмне үчүн электр энергиясына убагында төлөсөң деле туум (пеня) чыга берет?". Бул тууралуу интернет колдонуучу Бакай Абдымалик билдирди.
Өз билдирүүсүндө ал 1 сом 65 тыйындан ар бир абонентке туум жазылса, билинбегени менен көп эле сумма чогуларын белгилеген.
"Эмне үчүн электр энергиясы үчүн убагында акча төлөсөң деле туум (пеня) чыга берет? Ашык төлөп койсоң деле туум чыгып келет экен. Билинбегени менен ар бир абоненттен 1 сом 65 тыйындан оңбогондой эле сумма чогулат да. Эринбей төлөм квитанцияларын карасам дайыма эле 59 тыйындан 4 сомго чейин туум чыга берет экен. Элдин баары кечикпей төлөйт да. Бир күн кечиксе, кыш чилдеге карабай өчүрөт. Мен өткөн айга 66 сом ашык төлөгөм", - деп жазылат билдирүүдө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.