БШК Кубан Чороевди талапкер катары каттоодон баш тартты

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Борбордук шайлоо комиссиясы Кубан Чороевди талапкер катары каттоодон баш тартты. Мындай чечим аталган комиссиянын отурумунда кабыл алынды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул чечим боюнча талапкер сотко кайрылса боло турганын айтты. "Каттоо мөөнөтү бүгүн аяктагандыктан, ушундай чечим кабыл алуу сунушталды. Эгерде сиздин кассациялык даттанууңуз канааттандырылса, анда биз ушул маселеге кайрылып кайрыла алабыз". - деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин кол коюу барактарын даярдоо жана кол чогултуу менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлүшү керек деген жүйө менен Чороевдин кол барактары анык эмес деп тапкан.

Мындан улам Чороев сотко кайрылган. Анын арызын Бишкектин административдик соту канааттандырган эмес. Мындан кийин ал Жогорку Сотко кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2020-12-14 22:30:55
Талапкерлер өтө эле көп 5 талапкер болсо эле болмок
+1
stal.ks
2020-12-15 02:24:53
Америкада 2 талапкер бизде 20 талапкер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан