БШК "макул" жана "каршы" топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

БШК "макул" жана "каршы" топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан маалымдашты.

Анда "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-декабрда өткөн жыйында банк мекемелерин, 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдум өткөрүүнүн жүрүшүндө "макул" жана "каршы" топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталганы маалымдалат.

"Чечим "Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө" КР мыйзамын, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 43-беренесинин 5-пунктун, "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамдын 7-беренесинин 13-пунктун жетекчиликке алуу менен кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, БШК президентикке талапкерди каттоо процессин аяктады. Бүгүн, 15-декабрда шайлоо өнөктүгүнүн алкагында шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Аны менен бирге Референдумга да добуш берүү жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан