БШК кол тамгаларын жараксыз деп тааныган талапкер Жогорку Сотко кайрылды

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Кубан Чороев БШКнын чечиминин үстүнөн Жогорку Сотко кассациялык арыз берди. Маалыматты SUPER.KG'ге Чороев өзү тастыктады.

"Админстративдик соттун чечимин кайра кароону өтүнүп Жогорку сотко кайрылдым. Эгерде Жогорку соттон жеңип алсам БШК мени президенттикке талапкер катары каттайт. Мурунку инстанция менин келтирген жүйөлөрүмдү, БШКнын кетирген кемчиликтерин эске алган жок. Жогорку соттон адилеттүүлүк табылат деген үмүттөмүн", - дейт Чороев.

Буга чейин БШК Чороевдин кол тамгаларын анык эмес деп тапкан. Мындай чечимге ал макул эместигин билдирип Бишкектин Админстративдик сотуна даттанып, бирок соттон жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан