"Баарына каршы". БШК бардык варианттарга каршы тобун каттоодон өткөрдү

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)
Борбордук шайлоо комиссиясы "баарына каршы" (бардык варианттарга каршы) тобун каттады. Бул тууралуу токтом аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
Ага ылайык, 2020-жылдын 18-декабрында БШКга 2021-жылдын 10 январына дайындалган референдумга карата "баарына каршы" тобун каттоо арызы менен Шабдан Чынарбек уулу кайрылганы маалымдалат. Шабдан Чынарбек уулу "баарына каршы" топтун жетекчиси экени белгиленет. Топтун мүчөлөрү:

Аты-жөнү

Туулган жылы

1

Шабдан уулу Чынарбек (жетекчи)

28.03.1992

2

Абадбек уулу Сагындык

27.02.1992

3

Джаныбаев Урмат Тимурович

18.06.1984

4

Джекшеев Азият Джыпарович

22.09.1967

5

Ибраев Кубанычбек Жыпарбекович

05.01.1981

6

Казакбаев Урматбек Абдыбекович

19.04.1986

7

Курманкожоев Султанбек Садырович

02.12.1978

8

Мукамбетов Таалайбек Байышбекович

01.08.1974

9

Рахманов Бексултан Элчибекович

03.02.2002

10

Сыдыгалиева Нурайым Жаныбековна

14.11.1987

Маалым болгондой, 2021-жылдын 10-январында президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен бирге бүткүл элдик добуш берүү, референдум өткөрүлөрү маалымдалган. Референдумда шайлоочулар жаңы Конституцияны кабыл алуу жана башкаруу формасын өзгөртүү боюнча добуш беришет. Буга карата БШК шайлоо өнөктүгүнүн алкагында референдумга "каршы" жана "колдоо" топтору түзүлүп, үгүт компаниясын жүргүзсө болорун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан