БШК "Макул" (парламенттик республика) үгүт тобун каттады

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "макул" (парламенттик республика) үгүт тобун каттады. Бул тууралуу БШКнын кезектеги жыйынында кабарланды.

Ага ылайык, БШК 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда иреттик 1-номур менен "Макул" (парламенттик республика) үгүт тобун каттоо жөнүндө токтом кылды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Макул» (парламенттик республика) үгүт тобу арыз менен 16-декабрда кайрылды. Жетекчиси – Бекешев Дастан Далабаевич, курамында төмөнкү 13 киши бар:

Аты-жөнү

Туулган датасы

1

Бекешев Дастан Далабайевич (жетекчи)

22.11.1983

2

Алагөз уулу Азамат

21.06.1991

3

Асанбек уулуАдилет

31.08.1991

4

Довлотов Бектур Сейитбекович

12.09.1992

5

Калдыбек кызы Батма

17.08.1994

6

Насыкулов Урмат Омургазиевич

29.05.1989

7

Рычкова Анна Петровна

22.12.1985

8

Сайтбурхан кызы Перизат

22.03.1994

9

Талантбек уулу Азамат

16.06.1983

10

Турарбеков Насип Турарбекович

13.12.1994

11

Турдубеков Улукбек Бактыбекович

02.04.1994

12

Шаршенова Айзада Туратбековна

25.10.1996

13

Эрдоолатов Мээрбек Мухтарович

26.07.1978

Маалым болгондой, 2021-жылдын 10-январында президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен бирге бүткүл элдик добуш берүү, референдум өткөрүлөрү маалымдалган. Референдумда шайлоочулар жаңы Конституцияны кабыл алуу жана башкаруу формасын өзгөртүү боюнча добуш беришет. Буга карата БШК шайлоо өнөктүгүнүн алкагында референдумга "каршы" жана "колдоо" топтору түзүлүп, үгүт кампаниясын жүргүзсө болорун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-XXX
2020-12-23 21:49:20
Ушул бизге керек беле?Жөн эле митинг уюштуруп,тополоң чыгарышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан