Абдил Сегизбаев: "2 жылда биз Кыргызстанды таптакыр башка өлкөгө айлантабыз"

Бүгүн, 23-декабрда президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев Бишкек шаарынын тургундары менен жолугушуп, өлкөдөгү өзөктүү көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуштаган өзүнүн шайлоо алдындагы платформасы менен тааныштырды.

“Өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшүүсү үчүн эң биринчиден бекем тартип, мыйзамдуулук жана стабилдүүлүк керек. 80 улуттун башын бириктирип, бир желектин алдында чогулган элдин тилеги - улуттар аралык ынтымак, бекем достук, тынчтык жана өнүгүү. Болоттой курч болгон көп улуттуу элибиз биздин эң алгачкы байлыгыбыз, андыктан өлкөдө алар үчүн бардык жагымдуу шарттар түзүлүшү керек. Эң биринчиден, коопсуздукту орнотушубуз керек. Өз кезинде “Коопсуз шаар” долбоору шаардыктар үчүн коопсуздукту кепилдөөчү долбоор катары ишке киргизилген, тилекке каршы, аталган долбоор да бизнеске айланып, коопсуз шаарды эмес, көп суммадагы штрафтарды төлөтүүчү долбоорго айланды. Аталган долбоорду башынан баштап кайра карап чыгышыбыз зарыл. “Коопсуз шаар” долбоору шаардыктардын коопсуздугун чындап кепилдеген долбоор болушу керек”, - деди талапкер.

"Өлкөнү бутуна тургуза турган сектор - бул экономика тармагы, бул багытта да талапкер орто жана чакан бизнестерди колдоого ала турган негизги багыттар менен тааныштырып, ишкерлик менен алектенген жарандарыбызга ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүшү керек деп билдирди. “Элибиз өтө эмгекчил, алар буга чейин да өз аракеттери менен иштеп келишти. Аларга эң биринчиден колдоо керек, ишкерликти өнүктүрүү үчүн бут тосууларды токтотуп, ашкере текшерүүлөрдү кыскартуу керек. Тескерисинче ишкерлик менен алектенем деген жарандарыбызга эң төмөн пайыз менен насыяларды беришибиз керек. Алар өндүрүш, айыл-чарба, жеңил өнөр жайы, тамак-аш өнөр жайы, экспорт, кайра иштетүү жана башка тармактарда ишкерликти өздөштүрүп, өнүктүрүшү керек”, - деди Сегизбаев.

Талапкер мындан тышкары пенсияларга да токтолуп, “Учурда социалдык фонд пенсионерлерге пенсияларын төлөө үчүн каражаттардын жок экендигин билдирди, бирок ай сайын салыктардын эсебинен пенсиялык фонд өзүнө тиешелүү төлөмдөрдү тынымсыз алып жатат. Анда эмне үчүн биздин пенсионерлер пенсиясыз калышы керек? Эгер мен келсем, ошол министрлердин айлыктарын пенсияга теңейм, ошондо гана алар кыйын турмушту өздөрүнүн жон териси менен сезе билишет. Пенсиялар министрдин айлыгы менен тең болушу керек”, - деп билдирди талапкер.

“Билимдүү жаштар - өлкөнүн келечеги. Бирок мамлекетибиздин учурдагы абалына байланыштуу чет жакка кеткендердин саны акыркы кезде кескин өстү, алардын арасында тажрыйбалуулар, билимдүүлөр өтө көп. Мен аларга кетпеңиздер дейт элем, андан көрө кайтып келип, өлкөгө салымыңарды кошкула. Эгер мен жеңишке жетсем, бизден кеткен билимдүүлөрдүн бардыгын өлкөгө чакырып, өлкөдөгү тажрыйбалуулар менен бириктирип , алар үчүн атайын “Реформалар кеңсесин” негиздейм.

Биз өлкөгө эң керек өзгөрүүлөрдү ошол жерден баштайбыз. Мыкты өлкөнү бирге курабыз, 2 жылда биз Кыргызстанды таптакыр башка өлкөгө айлантабыз. Сингапурду бир киши таанылгыс кылып өзгөртүп, олуттуу реформаларды жасады. Өлкө азыр дүйнөдөгү эң алдыңкы мамлекеттердин катарынан орун ээлейт. Биз дагы алар сыяктуу өнүгө алабыз, ал үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Болгону ал мүмкүнчүлүктөрдү туура багытта колдонуу керек. Биз аны кылабыз. Өзгөрүүлөрдү алып келүү үчүн сөзсүз түрдө баш мыйзамды өзгөртүү керектелбейт. Биз Конституцияны эмес, аң сезимибизди өзгөртүшүбүз керек”, - деп билдирди Абдил Сегизбаев.

Мындан тышкары чек ара маселеси, сот тутумундагы реформалар, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун камтыган сунуштарын талапкер элге жеткизди. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер үчүн жеткиликтүү турак-жай боюнча талапкер мындайча билдирди:

“Турак-жай маселеси ардактуу кесип ээлери үчүн көйгөй болбошу керек. Биз сапаттуу үйлөрдү куруп, аларды турак-жай менен камсыздашыбыз керек. Батирлердин сатык баасы менен өздүк наркынын айырмасы чоң. Биз алар үчүн өздүк наркы менен турак-жайларды салып беришибиз керек”, - деди талапкер.

Эсиңиздерге салсак талапкерлердин президенттик шайлоолор алдындагы үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган.

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин шайлоо бюллетениндеги номери: 7

"Даярдаган мекеме: дареги: Бишкек ш., кардар: Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкер А.К.Сегизбаевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нишаев Нурлан Кочурбаевич.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Karifan
2020-12-23 15:15:50
афириист койчу абди
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан