БШКнын төрайымы: "Өлкө чегинен тышкары 40 миңден ашык шайлоочу катталды"

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 24-декабрда, мамлекеттик органдардын айрым жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.

Анда президенттик шайлоо учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо маселеси каралып жатат.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого жана референдумга карата даярдыктар тууралуу маалымат берди.

"Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 686 миллион 451 миң сомду түзөт. Ал эми референдумду уюштуруунун сметасы 39 миллион болот. Добуш берүүнү өткөрүү үчүн жалпысынан 2 миң 476 шайлоо тилкелери түзүлдү. Анын ичинен Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 2 миң 128 тилке, ал эми өлкөнүн чегинен тышкары 28 өлкөдө 48 шайлоо тилкелери түзүлдү. Анын ичинен 15и Орусияда түзүлдү. Жалпысынан өлкө чегинен тышкары 40 миңден ашык шайлоочу катталды. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси 10-ноябрдан баштап мамлекеттик "Тизме" порталында жайгаштырылган. Ошондой эле шайлоо тилкелерине илинген. Алдын ала тизмеге 3 миллион 544 миң 403 шайлоочу киргизилди. Шайлоо тизмесин аныктоо 29-декабрга чейин улантылат. Бардык шайлоочуларды категорияларга бөлүп, ар бир категорияга өзгөчө чараларды ишке ашырып жатабыз" , - дейт Шайлдабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан