"5-октябрда каза болгон Үмүтбектин ата-энесине батир белек кылды". БШКга президенттикке талапкер Имамидин Ташовдун үстүнөн даттануу келип түштү

Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкер Имамидин Ташовдун үстүнөн даттануу келип түштү. Маалыматты БШКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилүү болгондой, даттанууда Имамидин Ташов 5-октябрда Бишкектеги баш аламандык учурунда каза болгон Үмүтбектин ата-энесине батир белек кылганы айтылган.

"Чогултулган материалдар териштирүү үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти БШКдан.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Учурда президенттик тактыга 18 талапкер ат салышууда. Ал эми референдумда президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо же баарына каршы добуш берүү сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
muku.85
2020-12-24 14:23:21
Эми койгулачы ушунунарды батир берсе кимге берди кыргыздын келечеги деп жанын курман кылган баланы тарбиялап остургон ата энеге берди.Азыр аларга квартира эмес бир олкону белек кылсанда баласынын ордун баспайт.
+15
Gabiku
2020-12-24 16:55:57
Бул бугун эле берип жаткан жок. Президенттикке талапкерлигин койгонго чейин деле далай адамдарды уйлуу кылган
+9
JaneEr
2020-12-24 17:02:15
Колунардан келбей,коро албай даттанасынар.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан