Абдил Сегизбаев: “Мен добуш сурабайм, болгону өлкөнү жакшы нукка өзгөртө турган жаштарга мүмкүнчүлүк берүүңүздөрдү суранам”

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев 26-декабрда Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунда жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрдү.

Кочкор районунун эли менен жолуккан талапкер, алгач өзүнүн шайлоолор алдындагы платформасы менен тааныштырып, андагы өзөктүү багыттарга кеңири токтолду. Жергиликтүү эл аймактагы көйгөйлөрүн билдиришип, талапкерге суроолорун беришти.
Андан соң Абдил Сегизбаев Жумгал районунун Чаек айылынын тургундары менен жолукту. Жолугушууда талапкер учурда Кыргызстан кейиштүү абалда турганын белгилеп, элибиз оор күндөрдү башынан кечирип жатат деп билдирди: "Элге кыйын абал түзүлдү, азык-түлүккө болгон баалар кескин өстү, көмүр менен электроэнергиянын баалары жогору, каражаттын жетишсиздигинен көпчүлүк үй-бүлөлөр муздак үйлөрүндө күн кечиришүүдө. Мунун бардыгын көрүп туруп, көңүл кош мамиле жасап, четте карап тура албаймын. Мен, Кыргыстандын өнүгүүсү үчүн салым кошкум келет, буга чейинки топтогон тажрыйбамды өлкөгө арнап, элге кызмат кылгым келет. Мына ушул себептерден улам, мен президенттик шайлоого аттандым”,- деди Абдил Сегизбаев.

Ал октябрь айындагы өлкөдө орун алган окуяны эстеп, “Эл ошондо борбордук аянтка эмнени талап кылып чыкты эле? Эл анда акча же бийлик сураган эмес, эл акыйкатты талап кылган. “Кумөндүү” жолдор менен жеңип чыккан 3 партияга нааразычылыктарын айтып, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышкан”.

Талапкер буга чейин Талас жергесинде эл менен жолугушканын айтты. "Жергиликтүү калк менден бир нерсени суранышты, элди тоноп, шайлоолордо элди алдаган ошол үч партиядагыларды бийликке эми жолотпоо керек дешти. Мен добуш сурабайм, мен болгону өлкөнү жакшы нукка өзгөртө турган жаштарга мүмкүнчүлүк берүүңүздөрдү суранам. Келиңиздер, ошол 3 партияны үгүттөп, шайлоолорду ыплас жол менен жеңгендерге кайрадан сатылбайлы", - деди ал.

Эгер өлкөнүн өнүгүүсүн кааласак, бизди ушуга алып келген эски депутат, министрлерди бийликке жолотпошубуз керек. "Менин жанымда бир дагы депутат, министр жок. Менин жанымда жалаң жигердүү жаштар. Эгер биз, Кыргызстандын өзгөрүшүн кааласак, эски саясатчыларды, жемкорлорду, ууруларды жолотпошубуз керек, өлкөгө чындап күйгөн патриотторду гана биз өзүбүзгө тартышыбыз керек", - дейт талапкер.

Ооба, мурдагы мамлекет башчылары көптөгөн каталарды кетиришти, балким менден да ката кеткендир, бирок мурдагылардын каталарын кайталабаймын деп сөз берем. Башка жолубуз жок! Мен бийликти депутаттардын колунан алгым келбейт. Мен шайлоолорду таза жол менен жеңип чыгып, бийликти элдин колунан алгым келет", - деп билдирди Сегизбаев.
“Мен, куру сөз, куру убадалардан алысмын. Куру убадалардын аягы эмне менен бүткөнүн да бирге көрдүк. Менин каалаганым - элге татыктуу кызмат кылуу. Мен элди башкарганы эмес, бакканы келатам. Кыргызстан чындыгында өтө бай өлкө, бирок ошол байлыктарыбызды 150 үй-бүлө бөлүп кетти. Мен жеңишке жетсем, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн бардык аракеттеримди жумшайм”,-деди.

Жолугушууда талапкер өзүнүн шайлоолор алдындагы платформасы менен тааныштырып, экономика, соттук реформа, мамлекеттик башкаруу, кадрдык жана тышкы саясат ошондой эле Кыргызстандагы тоо-кен тармактарындагы алдыдагы пландары жөнүндө билдирди. Абдил Сегизбаев мындан тышкары турак жай жана жер маселелерин чечүү жолдорун айтты. Өзгөчө адам укуктары жана калкты социалдык жактан коргоо, балдарды тарбиялоо, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча маселелер туурасында кеп козгоп, көйгөйлөрдү чечүү багыттарын билдирди.

Жолугушуу суроо-жооптор менен жыйынтыкталып, жергиликтүү эл талапкерге бата-тилектерин айтышты.

Даярдаган мекеме: дареги: Бишкек ш.,
кардар: Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер А.К.Сегизбаевдин каржы маселелери боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Нишаев Нурлан Кочурбаевич.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bessmertiy
2020-12-27 20:57:55
Былжырабачы
+1
nazira...
2020-12-27 21:09:54
Топтолгон эл деле жок экен. Ким барат экен ушуга.
+1
Scorpion_09
2020-12-27 21:23:10
8баев жомогунду балдарына айтчы
0
Asel69
2020-12-27 21:24:49
Сегизбаев молодец. Садыр калп айткан боюнча быйыл биринчи орунга чыкты. Садыр Жапаровтун фантастикасына эл ишенип жатат. Бирок коробуз. Чынында эл Садыр жыргатат деп умут кылып жатат. Эгер майнап чыгара албаса анда Садырды точно эл жаман кылат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан