Улуу Британиядагы Кыргыз кызы: "Карантиндик чектөөлөргө байланыштуу Жаңы жылды жалгыз тостум"

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Нидерландыда, Дания, Австралия жана Улуу Британияда коронавирустун жаңы түрү пайда болгонун билдирген. Кийин анын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экени айтылып, калкты этият болууга чакырган. Ушул себептүү Улуу Британияда катаал карантин киргизилип, шаар толугу менен жабылган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Улуу Британиянын Лондон шаарында эмгектенип жүргөн Чолпон Абдыжапарова аттуу мекендешибиз менен маектешип, учурдагы абалы тууралуу кеп козгодук.

- Улуу Британияда коронавирустун жаңы түрү жүрүп жатканы айтылууда, ден соолугуңуз жакшыбы?

- Ооба, учурда Британияда вирустун жаңы штаммы табылды деп шаарга катуу карантин киргизилди. Мен болсо сыртка көп деле чыкпай элемин. Дүкөндөргө азык-түлүк алганга, кээде басканга эле чыгып жатам. Ден соолугубуз жакшы буюрса.

- Чолпон, өзүңүз жөнүндө айтып бериңизчи?

- Мен Ысык-Көл облусуна караштуу Саруу айылында төрөлгөм. Ал жерде 6-класска чейин окугам. Андан кийин 6-класстан баштап 11-класска чейин Чоктал айылындагы кыргыз-түрк лицейинде окугам. Андан соң Бишкекте 1 жарым жыл окуп, Түркия мамлекетине окууга кеткем. Түркияда компьютердик билим бөлүмүн окудум, анан алмашуу программасынын негизинде Канаданын Ватерлу университетинде 1 семестр окууга мүмкүнчүлүк алгам. Германияда да сыноо мөөнөтүнөн өткөм. Кийин чет өлкөдө окуумду аяктап, Бишкекке келип кесибим боюнча 5 жыл иштедим. Ноябрь айынын аягынан тарта Улуу Британиянын Лондон шаарында иштеп баштадым. Келгенден бери изоляцияда болуп, тамак-аш онлайн заказ берип, эч жакка чыкпай эле мейманканада болуп жаттым.
- Учурда Лондондо карантин режими киргизилгенине байланыштуу сиз эмне менен алек болуп жатасыз?
- Мен бул шаарга жумушума байланыштуу көчүп келгем. Учурда негизинен жумуш менен эле алек болуп жатам.
- Кыргыз өлкөсүнөн кетүүгө эмне түрткү болду? Эмне себептен дал ушул өлкөнү тандадыңыз?
- Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу жана өз кесибимди дагы да өнүктүрүү, мыкты адис болуу үчүн бул шаарга келдим. Лондондо көптөгөн ири компаниялар бар.
- Буга чейин вируска байланыштуу Британияда жарандар массалык түрдө шаардан чыгып кетип жатышат деген маалыматтар чыкты эле, дегеле жалпысынан алганда өлкөдө абал кандай болуп жатат?
- 20-декабрдан баштап чектөөлөр кирип баштады. Ага ылайык, Лондондон эч жакка чыгууга болбойт. Британия ичинде себеп болбосо башка шаарларга чыгууга жана кирүүгө тыюу салынган. Бул нерсе бат эле кокусунан болуп кетти, 19-декабрь күнү айтылып, эртеси эле шаар жабылды. Ошол себептүү окууга, ден соолукка жана башка себептерге байланыштуу шаардан чыгып кеткендер да болду, жетишип үлгүргөндөр чыгып кетти. Мындай чектөөлөр күтүүсүз болду, декабрь айында карантин режимин бир канча жолу өзгөртүштү. Алар башында кафелердин иштөөсүнө уруксат берип жатышкан, кийин чектөө киргизе баштады акырындап тамак-аштарды алып кетүүгө гана уруксат болуп калды. Бардыгы Жаңы жылга карата жеңилдөө болот деп күтүп жатышкан да, тескерисинче вирустун жаңы штаммына байланыштуу катаал кылып коюшту. - Күтүүсүздөн эле болуп кетти деп жатасыз, сизде кооптонуу болгон жокпу?
- Кооптонуу деле болгон жок, Инстаграмдан Бишкектеги досторумду карасам, вирус жоктой эле баары жаңы жылдык кечелерде жүрүшөт. Бизде чогулууга уруксат жок, тамактануучу жайлар жабык, башкалардын үйүнө бара албайсың, алар сага келе алышпайт. Бизде 25-декабрда "Christmas" деп коюшат, мен жалгыз тостум. Жаңы жылды деле тосушат, аны дагы жалгыз тосом (күлүп).
- Алдыда кандай пландарыңыз бар? Максаттарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?
- Алдыда өзүмдү мыкты адис катары өнүктүрүп, өз кесибимдин чебери болсом деген максаттарым бар. Негизи пландарым көп.
Улуу Британиядагы Кыргыз кызы: "Карантиндик чектөөлөргө байланыштуу жаңы жылды жалгыз тостум"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asel69
2020-12-29 09:12:53
Жаны жылды тоспогула деп чакырык таштап жаткан молдолорго чара колдонуш керек.
-8
Nuuman
2020-12-29 14:26:29
Молдолор айткан сөз мусулман адамдарга тиешелүү. Калган адамдарга тагыраагы: христиан, иудей, индуист, буддист, атеист анан теңирчиге такыр тиешеси жок. Ошол үчүн эч сарсанаа болбой жашай бериңиз.
+6
Almaz-pazilbaiuulu
2020-12-29 10:37:18
Жаңы жыл Мусулмандарга тийешеси жок майрам тосконго болбойт
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан