Садыр Жапаров: "Экология үчүн азырынча активисттер гана күрөшүп келет. Негизги милдетти эми мамлекет өзүнө алышы керек"

Кыргыз мамлекетинде экология маселеси учурдун эң олуттуу көйгөйү болуп турат. Адам өмүрү, ден соолугубуз үчүн маанилүү болгон экологиялык абал кайсы бийлик болбосун көңүл сыртында калып келди. Мындан ары экология экинчи планда калбашы керек. Президенттикке талапкер Садыр Жапаров өзүнүн шайлоо алдындагы платформасында, массалык маалымат каражаттарына берген маектеринде кен иштетүүдөбү, жерди иштетүүдөбү, айылдабы, шаардабы экологиялык коопсуздукка өзгөчө көңүл буруларын баса белгилеп келет. Дал ошол маектериндеги экологияга байланышкан көйгөйлөр боюнча жоопторун сунуштайбыз.

- Экология маселеси учурда экономикалык абалдан кем эмес талылуу маселе болуп турат. Бул боюнча оюңузду уксак?

- Айлана-чөйрөнүн абалы да мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжасыздыгынын, коррупциянын, кадрлардын иш билбестигинин жыйынтыгы болуп саналат. Негизи эле бул тема абдан талылуу жана масштабдуу. Бул таштандыларды ыргытуу, Ысык-Көлдөгү акыр-чикир, мунай заттардын төгүлүшү, мыйзамсыз токой кыюу, корук жерлерди басып алуу жана башкалар. Буга борбордо эч эле ишке киргизе алышпай атышкан таштандыны кайра иштетип чыгаруучу жана ылгоочу завод; таштанды таштоочу полигон, башаламан курулуш, ыш, техникалык-экологиялык талаптарды сактабагандык, дагы башка толгон-токой нерселер кирет. Азырынча экология үчүн коомдук уюмдар менен активисттер гана күрөшүп жатышат. Мындай күрөш мамлекеттик деңгээлде болууга тийиш. Бир эле Бишкекте эмес. Бизде эң башкысы – адамдарыбыз, өзүбүздүн жерибиз, жаратылышыбыз бар. Биз башкы кам көрө турган нерселер ушулар!
Бишкектеги кырдаал болсо – бул таптакыр өзүнчө маселе. Активисттер учурда Бишкектин экологиясы туурасындагы маселени бекеринен көтөрүп жатышкан жок. Мен бул процесске байкоо салып турам. Экокарта – мыкты демилге. Анын маңызы мен түшүнгөндөй, Кыргызстандын ар бир жараны экологиялык көйгөй туурасында интерактивдүү режимде кабар кыла алат. Бийлик мындай сигналдарга сөзсүз жооп кылып, териштирип, чара көрүшү керек! Бизде ушундай болуп калган эл өзү демилге көтөрөт да, аны өзү ишке ашырат. Бийлик болсо четте турат. Мамлекет жөн гана көңүл бурбай, жөн гана жардам кылбай тыгыз катнашта активисттер менен иштеши керек жана негизги милдетти өзүнө алышы керек! Кайталап коёюн, экологиялык маселелер көп жагынан экоактивисттердин аракетинен улам гана көтөрүлөт. Экокарта жана мыйзам долбоорлоруна келсек мен активисттер менен азыр эле жолугушууга даярмын. Бирок бул жагынуудай көрүнүп калышы мүмкүн деп чочулап турам. Бизде баары эле ушул теманы калчаганды жакшы көрүшөт жана активисттерди саясий максаттарга пайдаланууга умтулушат. Бирок шайлоо алдындагы үгүт иштери аяктагандан кийин мен аларга бул багыттагы демилгелерди талкууга алуу үчүн жолугушууну сөзсүз сунуш кылам.

- Миллиондон ашык калкы бар Бишкек шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод жок. Курабыз деп эле канча жылдан бери сөздөн ишке өтө албай келебиз?

- Албетте, Бишкектеги башкы көйгөйлөрдүн бири – бул таштанды төгүлүүчү полигон. Менин түшүнүгүмдө, бул ЕӨБ тарабынан каржыланган долбоор болсо керек эле. Ал биринчи этапта эле токтоп калган. Мен бул долбоордун эмнеликтен токтоп калганын сөзсүз териштирем. Боло келгендей эле “таштандылар” долбоору баягы эле коррупция менен бюрократиянын астында калып кетсе керек.

- Кен иштетүү иштериндеги экологиялык коопсуздук маселеси көп эле айтылат?

- Пайдалуу кендерди иштетүү боюнча да айта кетейин. Биз кендерди олуттуу түрдө текшерип чыгышыбыз керек, лицензиялар кантип берилген, алар кандай шарттарда алынган жана өздөштүрүү кандай болгон, баарын текшеребиз. Бул жерде дагы эле экологиялык нормаларды сактоо туурасында кеп болот. Туура, биз бюджетти толтурушубуз керек, бирок аны биздин жаратылышты жана адамдарыбыздын ден соолугунун эсебинен толтурбайбыз! Мен ошондуктан лицензия берүүгө мораторий жарыяладым.

- Кумтөр кениндеги экологиялык маселе өзгөчө көңүл бурууга арзыса керек?

- Туура, Кумтөр маселесин жалаң эле каражат эмес, экология да түзөт! Биздин айлана-чөйрөгө кандай гана зыянын келтирди! Мен дайыма ал жактагы коррупциялык схемаларды гана эмес, экологияны да айтып келгем. Ал жактагы экосистеманы калыбына келтирүү иштеринде тыкыр көзөмөл жасоо зарыл.

Аткаруучу: "SUPER.KG"; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары Жибек-Жолу көчөсү 381. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы:1. 2020-жылдын 21-декабрь күнү даярдалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.12.2020-ж).


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asel69
2020-12-28 11:10:32
Лапшаларды элдин кулагына илип жатабы
-4
Apyn8793
2020-12-29 10:36:56
Asel69, бул киши сизге бир нерсе кылды беле? Дайыма жамандап келесиз, аябай кызык болуп атат
+1
Shabi
2020-12-29 14:08:00
Asel69,Эми бул корунуш баарыбызга белгилуу да,шайлоо убагында,шайлануучулар болгон жакшы созун,болгон лапшасын чоеот.Бирок ошол лапшаны да жакшы чойбойтат окшойт садыр,бугун бирди суйлоп,ошону эле эртеси башкача суйлоп.
0
sultan_bek
2020-12-29 10:39:02
Садыр Жапаров убадаларын аткарса болду. Бирок ишенбейм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан