Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбеков боюнча материалдар ИИМдин көзөмөлүндө болору айтылды

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Алексей Мощиндин даттануусу боюнча материалдар Ички иштер министрлигине келип түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, келип түшкөн материалдар боюнча ИИМ ыкчам-тергөө иштерин жүргүзөрү маалымдалат.

Мелис Аспеков боюнча текшерүү иштерин жүргүзүү Чүй ОИИББине тапшырылды, ал эми Төрөхан Жунусбеков боюнча Талас ОИИБи текшерүү иш-чараларын жүргүзөт. Бардык материалдар ИИМдин тергөө кызматынын көзөмөлүндө турат” , - дейт ИИМдин маалымат катчысы.

Эске салсак, президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Алексей Мощин жарандык активист Мелис Аспеков менен "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн БШКга даттанган.

Анда Александр Мощин өзүнүн жазган арызында Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбеков Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясынын атынан билдирүүлөрдү жасап жатканын белгилеп, мындай укук аларга берилбегенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2020-12-28 19:21:07
Мелис аяябай арам бала го
+3
Asel69
2020-12-28 19:47:46
Садырдын кошоматчыларын камаш керек. Садыр эн коп мыйзам бузган талапкер болуп чыкты. Кочодо митингде кыйкыргандар эртен майлуу кызматка келген жатышат. Садыр элдин умутун очурдун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан