Теледебатта президенттикке талапкерлерге сот системи, мамлекетти башкаруу формасы, чек ара маселеси боюнча суроолор берилди (хронология)

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)
Бүгүн, 28-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өтүүдө. Ага Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев катышууда. Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат.
2020-12-28 22:22:00

Президенттик талапкерлердин теледебаты жыйынтыкталды. Эртең башка талапкерлердин дебаты өтөт.

2020-12-28 22:20:00

Президенттикке талапкерлер шайлоочуларына кайрылуу жасап жатышат.

2020-12-28 22:06:00

Адахан Мадумаров Канатбек Исаевге "Үйүңүздү өрттөйбүз дегенден улам, президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан жоксузбу?" - деп сурады.

Канатбек Исаев бир гана Кудайдан корко тургандыгын айтты. Ал ар кандай чакырыктар менен сүйлөгөндөргө чара көрүлбөгөнүн белгиледи.

2020-12-28 22:00:00

Адахан Мадумаров Клара Сооронкуловага: "Президенттин милдетин аткарып жатам" деген жигиттин шайлоого аттанууга укугу барбы?" - деп сурады.

Клара Сооронкулова жогорку кызматка бараткан адам мыйзамсыз соттолсо дагы мыйзамдуу акталышы керек болчу деген пикирин айтты.

2020-12-28 21:57:00

Клара Сооронкулова жалпы баарына Жетим-Тоо кени боюнча суроо берди.

Канатбек Исаев: "Экономиканы көтөрүү үчүн ички өнөр жайды колдошубуз керек. Ким болбосун Жетим-Тоону иштете турган болсок фабрикалар курулушу шарт", - дейт.

Адахан Мадумаров бул маселе парламентте дагы көтөрүлгөнүн белгиледи.

Аймен Касенов кендин иштешине каршы экенин билдирди.

Бактыбек Калмаматов Жетим-Тоону иштетүү реванштык саясат экенине токтолду.

2020-12-28 21:52:00

Канатбек Исаев калган үч президенттик талапкерге суроо берди. "Системде өзгөрүү болдубу? Же фамилия гана өзгөрдүбү?", - деген суроо берилди.

Аймен Касенов: "Октябрда төңкөрүш болду. Биз революцияга жете элекпиз. Саясат менен аралашпай элдин турмушун жакшыртуу керек", - деди.

Бактыбек Калмаматов: "Азыр өтүп жаткан шайлоо менен Жээнбеков өткөргөн парламенттик шайлоонун айырмасы жок", - дейт.

Каныбек Иманалиев Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болгондо бир дагы мамлекет башчысы аны куттуктабаганын айтты.

2020-12-28 21:07:00

Каныбек Иманалиев "Кыргыз мамлекетиндеги эң мыкты чек арачы бул Баткендин эли" деген пикирин айтты. Ал дагы чек арага жакын жайгашкан элге шарт түзүп берүү зарылдыгына токтолду.

2020-12-28 21:00:00

Аймен Касенов жакшы иштеген адамды тийиштүү кызматка коюу керектигин билдирди.

Бактыбек Калмаматов чек ара маселесинин чечилишине кыргыз бийлиги кызыкдар эмес деген пикирин айтты. "Чек ара маселесин коюп, эгемендүүлүк тууралуу сөз кылуу зарыл. Чек ара маселесин чечүү үчүн жогорку деңгээлдеги дипломаттар кызматка келиши шарт", - деди ал.

2020-12-28 20:56:00

Канатбек Исаев: "Кыска мөөнөттө кошуналар менен сүйлөшүп, чек ара маселесине чекит коюш керек. Чек арага жакын жайгашкан аймакта жашагандарга шарт түзүп берүү зарыл", - деди.

Клара Сооронкулова чек ара маселесин тор менен чечип койгондо чечилбей турганын белгиледи. "Ошол жерде жашагандар туруктуу болуу үчүн шарттарды түзүп берүү керек. "Баткен" деген улуттук долбоор иштеп чыгып, аталган облуска өзгөчө көңүл буруу шарт", - дейт ал.

Адахан Мадумаров чек арага жакын жайгашкан айылдардын макамы тууралуу мыйзам бар, бирок мыйзам иштебей жатканын эскертти.

2020-12-28 20:54:00

"Президенттик кызматка келип калсаңыздар чек ара маселесин кантип чечесиздер?", - деген суроо берилди.

2020-12-28 20:44:00

Клара Сооронкулова соттор коркок экенин белгиледи. "Сотторду бийлик деп айта албайбыз. Алар бул бийликти колдонууну билишпейт", - деди Сооронкулова.

Канатбек Исаев адилетсиз соттордун чечимин өзүнүн башынан өткөргөнүн билдирди. "Мен парламентте соттор эч нерсени чечпей турганын айткам. Президенттик аппараттын өкүлдөрү бардыгын чечип келишкен. Соттор ачык-айкын болуш керек", - деди ал.

2020-12-28 20:40:00

Канатбек Исаев Адахан Мадумаровго: "Бүгүнкү бийлик административдик ресурсту колдонуп жатабы?" - деген суроо берди.

Мадумаров: "Бүгүнкү бийлик административдик ресурсту 100 эмес, 200 пайыз колдонуп жатат", - деди.

2020-12-28 20:37:00

Канатбек Исаев Клара Сооронкуловага сот адилеттүүлүгү боюнча суроо берди.

Сооронкулова: "Сот өзүнүн бийлигине ээ эмес. Президент, УКМК, Башкы прокуратура ээ. Алар эмне десе ошондой болот. Кадрдык тазалоо жүргүзүш керек", - деди.

2020-12-28 20:36:00

Каныбек Иманалиев соттордун жоопкерчилигин караш керектигин айтты.

Бактыбек Калмаматов: "Мамлекетте президенттин аткара турган жалгыз миссиясы бар. Бул адилеттүүлүк. Мамлекеттерде коррупциянын өсүшүн соттордун жыйынтыгы менен билебиз. Соттордун чечими туура эмес чыгып жатса демек хан адилетсиз иштеп жатат", - деди.

Аймен Касенов соттор ачык болушу зарылдыгын белгиледи. "Эмнеге мыйзам иштебей жатат? Демек акыйкаттуулук жок", - деди ал.

Адахан Мадумаров: "Соттор Жараткандын алдында жоопкерчилигин сезиши керек", - деди.

2020-12-28 20:34:00

Алып баруучу: "Коомдо сотторго ишеним жок. Соттор көз карандысыз болуш үчүн эмне кылуу керек?", - деп суроо берди.

2020-12-28 20:23:00

Адахан Мадумаров жоопкерчиликти тең салмакта көрүү зарыл экенине токтолду. Коом жоопкерчиликти кошо сезүүсү керектигин айтты.

2020-12-28 20:20:00

Аймен Касенов элдик башкарууга өтүү керектигин баса белгиледи. "120 депутат башкаруу системин көзөмөлгө албай, эл көзөмөлгө алыш керек", - деди ал.

2020-12-28 20:19:00

2020-12-28 20:14:00

Каныбек Иманалиев ар дайым эли менен боло турганын билдирип, "бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" деген сөзүн айтты.

2020-12-28 20:13:00

Бактыбек Калмаматов баарын бирге, бир командада башынан кура турганын белгиледи.

2020-12-28 20:12:00

Клара Сооронкулова акчага алданбай элди ойлогон президентти шайлоого чакырды. 

2020-12-28 20:09:00

Канатбек Исаев эмнеге шайлоого аттанып жатканын айтты. "Эл жогорку деңгээлде жашоого татыктуу. Эгемендүүлүк алганыбызга карабай багытыбызды таппай келе жатабыз. Элибиз мени шайласа кыска мөөнөттө кантип мамлекетти күчтүү кылабыз, экономиканы кантип өнүктүрөбүз? Буга биздин тажрыйбабыз жетиштүү", - дейт ал.

2020-12-28 20:05:00

Теледебаттын шарттары тууралуу алып баруучулар талапкерлерге түшүндүрүп жатышат. Дебаттын башында жана аягында талапкерлерге шайлоочуларына кайрылууга убакыт берилет.

2020-12-28 20:01:00

Учурда телеканалдын алып баруучулары талапкерлерди тааныштырып жатышат. Анда талапкерлердин ураандары айтылууда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nazarnew
2020-12-28 20:31:10
Эч кимиңер достойный эмессиңер чимкириктер десе, только Садыр Жапаров өтөт.
+3
Lordbek
2020-12-29 01:59:05
nazarnew,фейк
-5
Scorpion_09
2020-12-29 01:45:56
Садырды баарынар биригип алып жамандасанар , жетпейсинер ,Садырдын артында Эл турат , Эл силерди да билет чимкириктер
+4
Lordbek
2020-12-29 01:58:45
Scorpion_09,элдин атынан сүйлөбөчү бот
-5
Scorpion_09
2020-12-29 02:51:58
Lordbek,Садырдын артында Эл болбогондо анан Ким журот ? Каншылабачы сен ,накта сен бот окшойсун
+4
Mister-XXX
2020-12-29 13:46:15
Lordbek,Элдин атынан суйлойбуз.Мобу чимкириктердин артында тургандар элге каршы иш жасап жатышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан