Теледебат: Кыргыз сот системин канткенде адилеттүү иштетсе болот? деген суроого президенттикке талапкерлердин жообу

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Бүгүн, 28-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өтүүдө. Ага Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев катышууда.

Суроо: Кыргыз сот системин канткенде адилеттүү иштетсе болот? Биздин соттор канткенде көз карандысыз болот?

Талапкер Каныбек Иманалиевдин жообу: "Кыргыз өлкөсүндөгү люстрацияны дал ушул соттордон баштоо керек. Ал кандай соттор? Саясатчыларга, оппозиционерлерге, журналисттерге, балдарга зомбулук жасаган адамдарга карата укуксуз, мыйзамсыз чечим кабыл алган соттор. Экинчиден, президенттикке талапкерлер кыргызтесттен өттүк. Анда адамдык факторду аныктоочу нерсе жок. Сотторго карата тестти күчөтүп, кесипкөйлүгүнөн тышкары адамдык сапаттарын текшерүү керек. Үчүнчүдөн, биринчи жылдары соттор 3 гана жылга шайланышы керек. Ошондой эле соттордун мыйзамга каршы келген чечимдерди кабыл алганы аныкталса, ал жоопкерчилин күчөтүү керек. Эң негизгиси президенттин сот системине киришүүсүн минималдаштыруу керек"
Талапкер Бактыбек Калмаматовдун жообу: "Мамлекетте президенттин аткара турган негизги миссияларынын бири - бул адилеттүүлүк. Ал эми адилеттүүлүктү өлкөдө сот жүргүзөт. Мамлекетте жүрүп жаткан коррупциянын натыйжасын соттун чыгарган өкүмүнөн билип жатабыз. Соттор коррупциялык системдин натыйжасында ушундай кырдаалга келди. Биздин мамлекеттеги сот системинин начардыгы бул- хандын адилетсиздигинин белгиси. Ошондуктан сот системин реформалоо мүмкүн эмес.Эгер соттор коррупцияга аралашып жатса, демек хан адилетсиз иштеп жатат деп түшүнсөк болот"
Талапкер Аймен Касеновдун жообу: "Бул жерде жалгыз чечим катары сот системин ачык-айкын, көз карандысыз кылуу деп эсептейм. Президент сотторду шайласа болот. Бирок президенттин сотторду жумуштан алуу укугу болбошу керек. Бул маселени парламент карасын. Мындай учурда президент, сот, парламенттин ортосунда дистанция сакталат жана баланс болот. Дагы бир маанилүү учурду белгилеп кетким келет. Биз мыйзамдарды сактабайбыз, баш мыйзам боюнча жашабайбыз. Эмнеге? Анткени мыйзамдуулук жок. Эмнеге мыйзамдуулук жок? Анткени адилеттүүлүк жок. Тянь-Шанда жашаган кыргыздар үчүн адилеттүүлүк бардык мыйзамдардан дагы жогору турган. Адилеттүүлүк биздин укуктарыбызга, мыйзамдуулукка негиз болушу керек. Бул нерсе бизде жашайт, бирок биз сезбей жүрөбүз. Мисалы: бирөө көчөдө кетип баратып түкүрүп койсо, биз 1000 сом айып салабыз. Анын ордуна бир аксакал келип, "балам бул кылганың уят" деп айтса, түкүргөн адам дароо кечирим сурайт. Мына ушул чындык, мамиле биздин мыйзамдын негизине киргизилши керек"
Талапкер Адахан Мадумаровдун жообу: "Ар бир сот өзүнүн жоопкерчилигин бар гана мыйзамдын алдында эмес, элдин алдында да сезиши керек. Бул жерде соттор сот болушу үчүн ири көлөмдөгү параларды берип жатканы көйгөй жаратат. Соттор кандай гана болбосун, ал аны дайындаган адамдан көз каранды болот. Бул нерседен арылуу үчүн, биринчиден, адам эч кимден көз каранды болбошу керек. Кээ бирлери берилген эркиндикти колдоно билбейт же колдонгусу келбейт. Мисалы парламентте бардык ыйгарым укуктар бар болчу. Бирок алар аны президентке өткөрүп берди. Бул жерде же интеллект жетишпейт, же эрк жетишпейт. Биздин эл эмнеге ушундайларды тандайт. Мына ушул нерсе коомдун жоопкерчилиги болот"
Талапкер Клара Сооронкулованын жообу: "Сот системинин реформасы 30 жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат. Мамлекет сот системиндеги натыйжалар үчүн кадамдарды жасап келет. Бирок мамлекет жасаган иш-аркеттердин бардыгы эл үчүн эмес, соттордун пайдасы үчүн жасалып жаткандай. Алыс кетпей эле коелу. Бүгүн мамлекетти башкарып жаткандар, кечээ эле эки кылмыш иши боюнча 5 мүнөттүн ичинде акталып чыгышты. Ошол эле маалда көптөгөн адамдар соттун адилетүү чечимин жылдап күтүп жатышат. Биздин соттор абсалюттуу түрдө алсыз, коркок бийликтин өкүлдөрү. Сотторду бийликтин өкүлдөрү деп айтканга да ооз барбайт. Анткени мыйзам боюнча алар толук кандуу үчүнчү бийлик болушу керек эле. Эмне кылыш керек? соттордун адеп-ахлагынын жогору болушуна талап коюлушу керек. Бирок бул нерсени эч ким текшербейт"
Талапкер Канатбек Исаевдин жообу: "Сот системинин адилетсиздигин мен өз жон терим менен сездим. Тилекке каршы, соттор бийликтин бутагы катары функцияларын аткарбай жатат. Соттор эч нерсе чечпейт, алар үчүн президенттин аппаратынын жоопкер адамы чечет. Жогорку Соттун соттору дагы чечимдерди президенттин аппараты кабыл аларын моюнга алышкан. Бүгүнкү күндө УКМКнын төрагасы Жогорку Сотко басым жасоого аракет кылып жатат. Ошондуктан биз сот системинин ачык-айкындуулугун орнотушубуз керек"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuban-1207
2020-12-28 22:42:01
Оозу менен орок оргондор чогулуп алыптыр
-2
Lordbek
2020-12-28 23:08:13
Kuban-1207,сен да оргудайсын бул турушуңда
+1
Kuban-1207
2020-12-28 23:39:11
Lordbek,Садыр орот
-3
Lordbek
2020-12-29 01:36:45
Сага окшогон боттор фанаттар күйгүздү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан