Теледебат: "Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп туруп, 230 адамды түрмөдөн чыгарууга жана сотторду шайлоого укугу бар беле?" (жооптор)

Бүгүн, 28-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өтүүдө. Ага Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев катышууда.

Анда президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев дебатка катышып жаткан башка талапкерлерге төмөндөгүдөй суроо узатты: "Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп туруп, 230 адамды түрмөдөн чыгарууга жана сотторду шайлоого укугу бар беле?"

Бактыбек Калмаматовдун жообу: "Бир адамдын айынан шайлоо юридикалык жактан абсолюттуу түрдө легитимсиз болуп калды. Ал адамдын утуп чыгышы мамлекетти абсолюттуу түрдө туңгуюкка алып барат. Бизди дүйнө тааныбай коёт. Токойдон 20 маймыл чыгып алып эле мамлекетти башкарып жаткандай болуп жатпайбы"
Аймен Касеновдун жообу: "Мыйзамдын чегинде болобуз десек, бул суроолордун баарын прокуратура жана сот жакка берип, ошолордон жооп сураш керек"
Адахан Мадумаровдун жообу: "Каныбек мырзанын суроосу юридикалык суроо экен. Ошондуктан мен бул суроону Клара айымга узатайын. Клара айым адис, ал кандай жооп берсе ошого макул бололу"
Талапкер Клара Сооронкулованын жообу: "Бул жерде ырайым кылуу маселесин мен буга чейин деле ачык айтып келгем. Ырайым берүүдө ачыктык болушу керек. Бирок ырайым алган адамдардын так санын билбейбиз. Алардын саны 200дөн бир топ ашты дешүүдө. Алардын арасында зөөкүрлөр, киши өлтүргөндөр болушу мүмкүн. Бирок бул дайынсыз. Купуя сыр бойдон калды. Сотторду дайындоого укугу бар беле? Андай укугу жок. Анткени милдетин аткарып тургандардын баары - чала жандар. Алар ыйгарым укуктарды аткарууга укуксуз. Анткени эртең бул чечимдерге алар жооп бербейт. Башка президент келет"
Талапкер Канатбек Исаевдин жообу: "Мен Клара айымга кошулам"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Baiaman997
2020-12-28 23:29:49
Баарын биригип алып Жапаровду болушунча жамандадынарго э тим эле, кордук силердин денгеелинерди
+6
patriot.kg94
2020-12-29 00:33:58
Дебат эмес эле Садыр Жапаровду жамандоо болуптурго
+6
komn47
2020-12-29 00:44:58
Садырды Мадумаров, Калмаматов, Сооронкулова менен койсо анык билинмек денгээлдери. Бул жерде да атайн кылып коюптур шайлоо таза отпойт
+9
Lordbek
2020-12-29 01:40:07
Чынында элим өзүбүз оңололу анан мамлекет өнүгөт маалыматы жок эле ал жаман бул жаман кимге бийлик келип калса анын аркасын ж*л*п кыргыз деген андай болбойт намыстуу бол өз акылың менен ойлон кыргыз ойгонор маал келди
+2
Ernisbii
2020-12-29 02:08:23
Булардын бир жери күйүп эмне кыларды билбей кылдан кыйкым издешип жатышат,Садыр Жапаров убактылу болсо дагы президенттин милдетин закон бойунча аткаруучу болуп турду. Амнистияны бергенге укугу 100% бар болчу. Эң жакшы ишти кылды эл колдойт.
+6
Agayu
2020-12-29 02:18:29
5 Октябрьда калын эл кимди койду : Аны эмнеге эске албай жатасынар ? Садыр атайлап болгон жок го эл койду .Мыйзам элге иштеши керекби?? Киминер аянта эленер Креслого чуркап журдунор го : Адахан келтек жэди. Силер элди ойлобойсунар: озунорду гана ойлоп жатасынар .Эгер президент болуп келсенер баарыбир эл куйт силерди .
+9
Kg.ka84
2020-12-29 09:16:17
Булар бок жеп үйрөнүп калышкан,бирөөнү шыбап,сыртка чыгып кууланып бетинен өөп,жалжактап жагынып,пахта коюп,элдин алдына чыкканда өздөрүн укмуш кыйын көрсөтүп көнүп калышкан,Тынар эң туура айтат,буларда бет деген жок.
+3
guard
2020-12-29 09:19:30
Баары чала жандар дейт ко тиги Клара дегени, бийлик дегенде бир ууртам чайга элин сатып жибере турган эме окшойт, Садырды эл алып барды, эл билет да кимдин ким экенин, Мадумаров болсо калыстыгын айтпай буга шылтады...
+4
jergetal
2020-12-29 10:26:52
Садырды болушунча шыбап жумурткадан кыр издеп жатасыңар, аны жамандап ушунчалык каршы чыгып жатышатбы демек Садыр биздин келечегибиз....
+1
Aibek_eka
2020-12-29 15:09:13
Садыр жакшы киши бирок президент боло албайбы деп корком бакиев мн атамбаевти да эл колдогон мына акыры эмне мн бутту садырды да кууп камайсынарбы деп коркомда 5 жылдан кийин
+1
Nursul
2020-12-29 22:46:48
Теле дебат эмес эле ушакчы катындардын дебаты го. Ушул убакка чейин Кыргызстанды гүлдөтүп кыйратып ийгенсип сүйлөшөт тим эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан