Президенттикке аттанып жаткан 4 талапкер биригүү меморандум кабыл алышты

Президенттикке аттанып жаткан 4 талапкер биригүү меморандум кабыл алышты. Бул тууралуу алар бүгүн, 29-декабрда маалымат жыйын берип жатканда билдиришти.

Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев жана Канатбек Исаев эгер шайлоонун экинчи туру болсо арасынан бирдиктүү талапкерди колдоп чыгуу чечимине келишти. Маалымат жыйынында алар президенттикке талапкер Садыр Жапаров административдик ресурс колдонуп жатканын билдиришип, бир топ сындарды айтышты.

Кечээ бул талапкерлер КТРКда теледебатка катышышкан.

Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
tilek121277
2020-12-29 17:41:41
Таянарга тоо таппай калып бириге калыштыбы
-4
Talantus
2020-12-29 17:52:58
Президент ким болору чечилип калган. Кыйналбай эле койгула. Силерди карап туруп мен жудоп атам.
+10
Asanali
2020-12-29 18:25:02
По любому бирикседа мында бир озгоруу болбойт
+5
Jonisem
2020-12-29 18:44:41
Адахан акабиз бекер эле кошулуптурда менин оюм
+7
Baiaman997
2020-12-29 20:43:11
Jonisem,айла жоктон кошулдуда
+2
Mister-XXX
2020-12-29 20:58:58
Экинчи тур болсо,мен болом,мени колдогула деп талашып кетишет.
0
make2
2020-12-29 23:20:57
Мыйзам менен жашайбызбы, же түшүнүк мененби? Эл жакшылап ойлонуп чечим чыгаралы,
+1
zam81
2020-12-29 23:57:22
Адахан дагы баштадыбы тийип качмасын
+3
Umar7
2020-12-30 10:55:55
Тууганда адашпайлы,Адаханды шайлайлы, даяр бышып жетилген кадр
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан