Кечээ Бишкекте Дубайда жашаган кыргыз жеке ишкери Кубанычбек Төрөбаевдин "Кантип бай болуу керек?" аттуу китебинин бет ачары болуп өттү

Кечээ, 29-ноябрда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Дубайда жашаган кыргыз жеке ишкери Кубанычбек Төрөбаевдин “Кантип бай болуу керек?" (же "Ийгиликтин сыры") аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Бет ачарга ЖКнын депутаттары, Дубайдан чакырылган сыйлуу коноктор, коомдук жана диний ишмерлер, жазуучулар, студенттер, ММКнын өкүлдөрү менен автордун жакындары катышышты. Алгач автор келгендерге ыраазычылыгын билдирип, китебинин тарыхына токтолду. Сөзүнүн аягында китепти жарыкка чыгарууда жардам берген КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Кушубек Качибековго рахмат айтты. Андан кийин чакырылган коноктор сөз сүйлөштү. ЖКнын депутаты Мамытбай Салымбеков: “Китепти карап чыгып, "кантип бай болуу керек?" дегенди мен акчага эмес, кантип элге, журтка бай болуш керек жана элди кантип байытуу, туңгуюктан алып чыгуу керек деп түшүндүм. Бул китептин жаштар үчүн тарбиялык мааниси зор. Кубанычбек алыста жүрсө да элин унутпай жүргөнүнө рахмат”,- деди. Китеп тууралуу Чубак ажы Жалилов: “Азыркы ааламдашуу заманында жаштарыбыздын табитине жооп берген китептердин карлыгачы деп Кубанычбек мырзанын китебин айта алам. Китепте "канткенде элиме пайда алып келе алам?" деген маанилүү маселе көтөрүлүптүр. Ушундай багыттагы китептин автору кыргыз болуп жаткандыгы да чоң мааниге ээ”,- деп өз оюн билдирди. Ал эми ЖКнын сессиясынан бет ачарга кечигип келген вице-спикер Төрөбай Зулпукаров да Кубанычбек Төрөбаевге ийгилик каалап, келечекте кыргыз элине кызмат кылуусуна ишеним артты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан