Теледебат: "Президенттикке талапкерлер башкаруунун кандай формасын колдойсуз?" деген суроого жооп беришти"

Бүгүн, 29-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өтүүдө. Ага Мыктыбек Арстанбек, Эльдар Абакиров, Арстанбек Абдылдаев жана Имамидин Ташов катышууда.

Суроо: 10-январда президенттик шайлоо менен кошо башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтөт. Силер үчүн өлкөнү өнүгүү жолуна түшүрө турган башкаруу формасы кайсы? Эмне үчүн?

Талапкер Мыктыбек Арстанбектин жообу: "Бүгүн кандай гана система болбосун мамлекеттик бийлик барыбир элге жетпейт. Бийлик 30 жыл бою элге эмес бийликти тегеректеп алган кландардын кызматкерине айланып калган. Кандай система болбосун бул бийлик Бишкектен ары чыга албайт. Президентке карама-каршы турган бир бийлик бутагы болсун деп аны парламент деп атап койдук. А президенттин өзү эле башкарсын десек ага туугандары бийликти басып алат экен деп ишеним жок болуп жатат. Ошондуктан мамлекетти кайра башынан тургузуп эл чарбасында тарбиялабасак кандай система болбосун ишке ашпайт".

Арстанбек Абдылдаевдин жообу: "Карапайым элди эч ким башкарган жок. Эл өз күнүн өзү көрүп жатат. Парламенттик же президенттик башкарууга өтөбүз дегенибиз менен бул башкаруу формалары эч нерсени чечпейт. Парламенттик да, президенттик да өлкөлөр бүгүнкү күндө кырсыктап жатышат. Себеби башкаруучулар доордун талабын аткарбай жатышат. Дүйнө элинде болуп жаткан кыйынчылыкка, ооруга, өлүмдөргө башкаруучулар гана себеп болуп жатышат".

Имамидин Ташовдун жообу: "29 жылдык эгемендүүлүк тарыхыбызда биздин саясий-интеллектуалдык деңгээлибиз өтө түшүп кеткени айдан ачык. Акыркы убактарда башкара албагандар башкаруу системасын тандап жаткандай сезилип жатат. Кыргыз коомчулугунун көөдөнү толмоюн, коомчулукта адилеттүүлүк орномоюн кандай гана башкаруу системасы болбосун жыйынтык бербейт. Ар кандай реформаларды кылып жатабыз, бирок анын баары кагаз үстундө калып жатат. Каалаган жумуштарыбыздын баарын чын ниеттен, чын жүрөктөн аткармайын эч качан ишке ашпайт".

Эльдар Абакировдун жообу: "Бир адамдын бийлиги чексиз жана көзөмөлсүз болот. Ал туура эмес. Тарыхта мыйзам бар, бийлик, байлык менен сыналганда адам сынат, бузулат. Бийлик элден көз каранды болушу керек, отчёт бериши керек. Көз карандысыз сот системасы болушу керек. Күчтүү оппозиция болушу керек, анан албетте күчтүү парламент болушу керек. Бирок азыркыдай алсыз парламентке мен каршымын. Патриоттордон, сөзү менен иши дал келген атуулдардан парламент куралышы керек".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
guard
2020-12-29 23:01:10
Бироонун да жообу конкреттуу эмес экен, сомду киргизебиз деп жатканда, легендарлуу парламенттин спикери Шеримкулов айтты эле, бугун киргизсек эрте, эртен киргизсек кеч болуп калат деп, ошондой жооптор экен...
0
al-abu-kinesz
2020-12-30 00:03:49
Арстан Алай мен жашарып атам 30дамын деп былтыр бир айттын эле 29 жаштагыдай корунбойсун го? Картайып баратыпсын капа болбо бетине айтсам..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан