Кыргыз армиясындагы негизги көйгөйлөр кайсылар? Президенттикке талапкерлердин жообу

Бүгүн, 29-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өтүүдө. Ага Мыктыбек Арстанбек, Эльдар Абакиров, Арстанбек Абдылдаев жана Имамидин Ташов катышты.

Суроо: Кыргыз армиясындагы кайсы көйгөйлөрдү негизгилер деп эсептейсиздер? Сиздер президент болуп шайлансаңыздар армиядагы көйгөйлөрдү чечүү жолун эмнеден баштайсыздар?

Мыктыбек Арстанбектин жообу:

"Биз эмнеге алсыз жана чабал өлкөгө айланып баратабыз? Анткени бизде армия жок. Акча жок армияны бага албайбыз дейбиз. Армияны түзөлү жана багалы. Кимдир бирөө менен согушуу үчүн эмес. Бирөөгө кыр көргөзүп, жерин тартып алуу бул кылымдын иши эмес. Бул кылымда адамдар башка нерселер аркылуу өзүнүн бийиктигин көрсөтө алат. Аскер биздин элди, айрыкча эркектерди тарбиялаш үчүн керек. 50 жашка келип, тапанча атып көрбөгөн эркектер бар. Аялы менен мушташкан эркектер бар. алардын аталыгы кайда, мырзалыгы кайда? Ошондуктан армия биздин элдин мүнөзүн, сүрүн, өзүнө болгон ишенимин калыптандыруу үчүн керек. Армияны бага албай калабыз дейбиз, армияны багыш үчүн биз экономикалык багытты инвестицияларга, туризмге эмес, биринчи кезекте ишкерликке бурушубуз керек".

Арстанбек Абдылдаевдин жообу: "Адамзатты өлүм, кырсыктар каптап атат. Биздин биринчи миссиябыз ушундан адамзатты сактап калуу. Бул армияга да тиешелүү. 5-10 жыл мурун ар кандай сыноолор, эпидемиялар келет деп мен айтып жүрдүм. Дүйнө элине кайрылып да көрдүк. Мына азыр өзүңөр күбөсүңөр, аалам эли кырсыктап жатат. Кыргыз улуу адам сыпатка өтүп, энергия иштете алган кезде кыргыз дүйнөгө башчы болуп калат. Ленин келип, революция кылган кезде эски саясат, эски адамдар, эски китептер иштебей калган сыяктуу эле, эволюция болгон кезде биз сүйлөп аткан маселенин баары чечилет".

Имамидин Ташовдун жообу: "Ар бир өзүн сыйлап, урматтаган мамлекет биринчи кезекте армиясына көңүл бурушу керек. Өкүнүчтүүсү 29 жылдык тарыхыбызда бардык маселелерди чечишибиз керек, буюруса деп жашап келдик. 21-кылым согушту акыл менен жеңе турган кылым болот деген үмүт менен жашап келе жатканбыз. Бирок, акыркы 10 жылдагы коңшулаш мамлекеттер менен болгон ымылада бизге армиянын суудай керектиги айгинеленди. Чындыгында армияны багыш үчүн акча керек. Билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарына караганда армияга көбүрөөк каражат талап кылынат. Мен Баткендин кулунумун. Ал жактагы чек-ара чыры мурда уруш, жаңжалдан ары өтпөй келсе, акыркы убактарда өлүм менен коштолуп жатканы абдан кейиштүү. Албетте армияны камсыздоо үчүн каражат талап кылынат. Ошондуктан биз алгач экономика тармагын көтөрсөк, бул нерселердин баары чечилет".

Эльдар Абакировдун жообу: "Кыргыз өлкөсү бүгүнкү күндө калкыбыз менен күчтүүбуз. Биз жашпыз, калктын 70 пайызынын жашы 40тан төмөн. Никколо Макиавелли аттуу ойчулдун "өзүнүн армиясын бакпаган мамлекет башка өлкөнүн армиясын багып калышы мүмкүн" деген сөзү бар. Демек, биз өз армиябызды жакшы камсыздай турган саясат жүргүзүшүбүз керек. Негизги армиябыз чакан, мобилдүү болушу керек, бирок резервде 200-300миң жоокер ар дайым болушу керек. Ошондо мен ойлойм, кайсы бир өлкө бизге кол салууну көздөсө алгач бир нече жолу ойлонот. Армияны каржылоо негизги маселе, ошондой эле тактала элек чек ара аймактарына армиябыздын күчтүү, ири бөлүмдөрүн жайгаштырышыбыз керек".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан