"Ысык-Көлдүн жети акесин туурап". Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда аны тосуп алгандардан тартылган сүрөт талкууда

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушуусу учурунда тартылган сүрөт интернет колдонуучуларынын талкуусуна алынды.

Сүрөттөн бир нече киши кундуз жакалуу ичик, тебетей кийип Садыр Жапаровдун маңдайына тизилип, алардын бири алаканын кенен жайып бата берип жатканын көрүүгө болот.

Сүрөт Каракол шаарындагы ат майданында өткөн жолугушууда тартылганы айтылууда. Социалдык тармактардын көпчүлүк колдонуучулары "Ысык-Көлдүн жети акесин туурап жатышкан өңдүү", "чапандарды кийип аябай майрамга даярдангандай даярданышкан экен", "бул уюштуруучулардын ашкере кошоматчылыгынын белгиси болуптур" деген өңдүү комментарийлерди жазып, жолугушуунун уюштуруучуларын сындашууда.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Учурда президенттик тактыга 18 талапкер ат салышууда. Ал эми референдумда президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо же баарына каршы добуш берүү сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
bond02
2020-12-30 10:42:44
Садырды кудай кылып алышты го.
-11
Mustafo
2020-12-30 12:36:55
bond02, Бул деген кыргыздын келечеги
+7
bond02
2020-12-30 13:29:39
Mustafo,1-2 жылдан кийин айтып корчу ушинтип.
+17
Kuba1970
2020-12-30 13:42:18
bond02, 2 жылда жок кылат Кыргызстанды бул зек
-10
Aibek_eka
2020-12-30 10:55:04
Садыр Жапаров пример министир болуш керек эле Президент Адахан Мадумаров экоо Кыргызстанды бат эле туура жолго салып онуктурмок
-24
Baihan77
2020-12-30 11:02:40
Aibek_eka, туура айттыңыз мен кошулам
-27
Mustafo
2020-12-30 12:35:43
Aibek_eka,Ал сага окшогон көк меелердин ойу
+10
Aibek_eka
2020-12-30 13:22:24
Mustafo,сендей акылдуулар квргызды тоноп жеп бутту эки жуздуу кечее биримдик дегендер бугун садыр деп жатат саырды сатып кетпейт деп ким кепилдик берелат 5 жылда садырда качат же камалат мына коросунор
+2
bayern-munchen
2020-12-30 15:59:17
Aibek_eka,анда сен кепилдик бересинби Мадумаров сатпайт деп
0
aizbek
2020-12-30 16:16:23
Aibek_eka,эн туура,менин да оюм ушундай болчу,ошондо бир жолго тушот элек,эми бул жагы кандай болот билбейм,ким эмне десе эле макул деп атат
-1
nargiz-sa
2020-12-30 11:02:52
Театрлаштырып жиберишти го
+14
Sonyasonya
2020-12-30 11:36:36
Адахан Мадумаровду бийликке жолотпош керек,балдары чёт олколордо окуп, Кыргызстанды олко катары да корбойт. Ошолордун артынан кетсин
-4
asefsa
2020-12-30 11:44:46
Баардык Эл барып окуган Жака анын балдары барып окуса болбойт бекен?
+2
Arai92
2020-12-30 12:25:41
Молодец, элдин баары маска тагынышыптыр.
+7
sabirdinovich
2020-12-30 12:39:58
Админ ресурстар колдонула баштаган окшойт
+5
guard
2020-12-30 12:49:02
Чындыгында эл жакшы кабыл алып жатышыптыр, чндыкты чын деп эле айталы э...
+11
omka100514
2020-12-30 15:39:16
Садыр Жапаровдун ушундай урмат-сыйы бар экен эл алдында, башка талапкерлерди деле ушинтип тосуп алса ким каршы болуптур.
+7
D.iamond
2020-12-30 16:34:20
Мен негизи Садыр байкени колдойм бирок, жанагы сатирага окшоп, ырыбыз деле теке, бийибиз деле теке демекчи. Кайда барсан Мамайдын кору дегендей болуп Бут эле Садыр болуп, деле Садырды угайын коройун дегенда каалоо калбады. Бирок ал кишиге оюм жакшы. Мактоо бир гана Аллага Гана.
+5
al-abu-kinesz
2020-12-30 18:12:38
АнтиЖапаровчулар туз жалагыла! Садыр Жапаров Ысык Колдон 98, Нарындан 80, Таластан 80 Жалал-Абаддан 80,Чуйдон 70, Оштон 60, Баткенден 60 процент голос алат буйруса!
-4
Keln
2020-12-30 18:24:21
Аа жакшы
0
Keln
2020-12-30 18:31:04
Бирок Мекенчил партиясын 3 ай мурда эмне учун ушундай колдошподу экен?
+5
Eldar6724
2020-12-30 21:16:37
Keln,Анда булар Биримдик партиясын колдоп жүрүшкөн
0
Nurik1988
2020-12-30 22:27:55
Keln,анда элди биримдик акчага сатып алган
-3
Isikkolumkeremet
2020-12-30 23:02:13
Садыр алга
0
Badi2020
2020-12-31 10:11:05
Садыр Жапаров татыктуу талапкер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан