Абдил Сегизбаев: "Мен өлкөнүн жаштарына ишенем. Биз алдыга койгон максаттарыбызга бирге жетебиз"

Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер Абдил Сегизбаев, 29-декабрда прогрессивдүү жаштар, стартаперлер жана жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө президенттикке талапкер катышуучуларга өзүнүн платформасы жөнүндө маалымат берип, жаштарды колдоо, экономика, сот реформасы, мамлекеттик башкаруу, адам укуктары, калкты социалдык жактан коргоо, коррупция менен күрөшүү, маданиятты өнүктүрүү жана башка тармактар боюнча кеңири түшүндүрмө берди.

Абдил Сегизбаев жаштарды өлкөдөн кетпөөгө чакырды. Ал жаштарды мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууга үндөп, “Ишениңиздер, биздин өлкө бай, ресурстарыбыз бар, аларды жаратмандыкка, жаштарды колдоого буруу керек”, - дейт талапкер.

Жаш ишкерлердин бири Азиз Бакытовдун айтымында, учурда мамлекет тарабынан жаштарды колдоо жана жаш ишкерлер менен кызматташуу жүргүзүлгөн жок. Жаштар жана жаш ишкерлер азыр өздөрүнүн күчү менен гана аракеттерди көрүшүүдө. «Бизнести жана ишканаларды колдоого инвестициялар талап кылынат. Биз кайда кайрыларыбызды билбейбиз, банктардан насыя ала турган болсок, пайыздар жогору болгондуктан киреше көрмөк түгүл, чыгашалар да жабылбайт”, - деп жаш ишкер талапкерге кайрылды.

Абдил Сегизбаев эгерде ал президенттик шайлоодо жеңишке жетсе, жаштардын новатордук, жаратман долбоорлорун колдоого алып, өнүктүрүү үчүн атайы фонд ача тургандыгын билдирди. "Беларуста “Кремний долинасынын” аналогу негизделип, жаратман долбоорлор колдоого алынууда. Биз дагы стартаптарга көңүл бурушубуз керек", - деди ал.

Талапкердин ою боюнча, Кыргызстан экономиканы көтөрүү максатында чийки заттарды кендерден сатуу практикасынан арылышы керек. "Жыртыктарды жамоо - бул чечим эмес. Биз жашыл экономиканы, туризмди өнүктүрүшүбүз керек", - деп билдирет талапкер.

Абдил Сегизбаев мындан тышкары “Реформалар кеңсесин” ачуу демилгесин билдирип, ал жакка өлкөдөгү жана чет жактардагы билимдүү, жаратман, креативдүү жаштарды тартуу керектигин айтты. "Реформалар кеңсесинде” өзгөрүүлөрдүн жана жаңылануунун негизги багыттары иштелип чыгып, турмушка ашырылышы керек", - дейт ал.

Жолугушууга келген жаштар талапкерден жакшы турмушту издеп сырткы миграцияга кеткендердин көбү элеттиктер болгондуктан аймактарды, көз жаздымда калган айылдарды өнүктүрүү багытында кандай аракеттерди көрө тургандыгы тууралуу да сурашты.

Абдил Сегизбаев региондордо кичи жана чакан бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү керектигин айтып, ата мекендик өндүрүшчүлөр колдоого алынышы керек деди. "Алгач региондор боюнча анализ жүргүзүп, кандай аймак, кайсы продукцияны өндүргөнгө шарттары бар экендигин аныкташыбыз керек. Андан кийин ага жараша завод, фабрика, кайра иштетүүчү ишканаларды негиздөө зарыл. Ар бир аймактын өзүнүн уникалдуу өнүмдөрү бар, ошолорго багыт алуу керек. Мисалы, Нарында эт, Таласта төө буурчак. Биз ушунун үстүндө иштешибиз керек. Мен 2000-жылы эл аралык долбоорлордо иштеп жүргөн маалда Нарынга чет өлкөлүк инвесторлорду тарткам, алар топоздорго кызыгуу артышкан”, - деди талапкер.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Абдил Сегизбаев өлкөнүн өнүгүшүнө бут тоскон коррупцияны жоюу керектигин билдирип, бул багытта чет өлкөлүк тажрыйбалардын негизинде иш алып баруу шарт деди. "Чечимдер бар, болгону аны ишке ашыруу керек. Биз мыйзамдарды же Конституцияны эмес, аң сезимибизди, жөнөкөй элге болгон мамилебизди, жашообузду өзгөртүшүбүз керек. Мен силерге ишенем, жаштар өзгөрүүлөрдү, жаңыланууну алып келесиңер. Биз алдыга койгон максаттарга бирге жетебиз”, - деп Абдил Сегизбаев сөзүн жыйынтыктады.

Даярдаган мекеме: дареги: Бишкек ш.,
кардар: Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер А.К.Сегизбаевдин каржы маселелери боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Нишаев Нурлан Кочурбаевич.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан