Теледебат: "Силер үчүн өлкөнү өнүгүү жолуна түшүрө турган башкаруу формасы кайсы?" деген суроого талапкерлердин жообу

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)
Бүгүн, 30-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өтүүдө. Ага талапкерлер Абдил Сегизбаев, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Курсан Асанов, Жеңишбек Байгуттиев жана Бабыржан Төлбаев катышууда.

Суроо: 10-январда президенттик шайлоо менен кошо башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтөт. Силер үчүн өлкөнү өнүгүү жолуна түшүрө турган башкаруу формасы кайсы? Эмне үчүн?

Талапкер Бабыржан Төлбаевдин жообу: "Мага парламентаризм жагат. Бирок азыркы учурда өлкөбүз да, коомубуз да ага даяр эмес. Мен президент болсом акыркы президент болом. Себеби парламенттик башкаруу системине даярдануу керек. Коомду да, мыйзамды да, Жогорку Кеңешти да даярдоо керек"
Талапкер Курсан Асановдун жообу: "Элибизге ишеним жана үмүт жетпей турат. Биздин программада башкаруу системине көз каранды эмес болгондой жазылган. Кандай гана башкаруу системи болбосун жоопкерчилик жана тең салмактуулук болушу керек. Күчтүү президент, күчтүү парламент жана көз карандысыз соттор болушу керек"
Талапкер Равшан Жээнбековдун жообу: "Жакыр өлкөнүн президенти падышалардай жашоого укугу жок. Биз президенттик бийликти жоюшубуз керек. Бийлик элге кызмат кылгысы келсе, мамлекеттин, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жашабашы керек. Президент өз үйүндө жашашы керек. Дүйнөдөгү 20 өнүккөн мамлекеттин 17си парламенттик. Биз 5 президенттин төртөөсүн кыйынчылыктар менен кармап отурабыз"
Талапкер Жеңишбек Байгуттиевдин жообу: "Кыргыз өлкөсүндө бүгүнкү күнгө чейин парламенттик систем болгон жок. Дайыма президенттик жана супер президенттик башкаруу болуп келген. Ошонун негизинде биздин экономикада өсүш болгон жок. Мен парламенттик систем үчүн үндөйм. Болгону биз азыр парламенттик системге даяр эмеспиз. Ошон үчүн ага бара-бара өтүү керек. Өтүү маалында укук коргоо органдарын көзөмөлдөө зарыл. Анткени бардык чатактын баары ушул жерден башталат. Ким укук коргоо органдарын көзөмөлдөсө бийлик ошондо. Бизге кризистен чыгуу убагында президенттик башкаруу керек"
Талапкер Улукбек Кочкоровдун жообу: "Ар кандай башкаруу системинде өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди алсак, анда биздин көйгөйүбүз башкаруу системинде эмес. Биздин көйгөй шайлоо системинде. Тилекке каршы, Кыргыз өлкөсүндө бүгүн парламементте, бийликте жалаң байлар боло тургандай система түзүлдү. Шайлоо системин өзгөртүү менен бийликке эл каалаган адамдарды алып келиши керек. Ошондо бизде күчтүү президент, өкмөт, парламент болот. Эгер президенттик башкаруу системин тандасак, анда өкмөт башчылык кызмат жоюлушу керек. Эгерде парламенттик башкаруу системин тандасак, анда президенттик кызмат жоюлушу керек"
Талапкер Абдил Сегизбаевдин жообу: "Референдумду өткөрүп жаткан демилгечилер өздөрүнүн сабатсыздыгын көрсөтүп койду. Улуу Британияда бардыгын парламент чечет, ал жерде президент жок. Германияда президент өкүлчүлүк гана милдетин аткарат. Бардыгы парламент аркылуу канцлерге ыйгарым укуктар тапшырылган. Таза президенттик бийлик - бул диктатура, хандык, монархия. Бизге күчтүү президент керек. Анын тизгинин тартып турган күчтүү парламент керек. Аралаш системине карата оюм бар. Ошол систем келсе өлкөдө өнүгүү сөзсүз болот"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан