Теледебат: Талапкерлерге УКМК, Прокуратура органдары жөнүндө суроо берилди. Буга кандай жооптор болду?

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)
Бүгүн, 30-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өтүүдө. Ага Абдил Сегизбаев, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Курсан Асанов, Жеңишбек Байгуттиев жана Бабыржан Төлбаев катышууда.
Суроо: УКМК жана Прокуратура органдары берилген милдеттемелердин чегинен чыкпастан, өздөрүнүн түздөн-түз функцияларын кандай түрдө аткарышы керек?
Талапкер Абдил Сегизбаевдин жообу: "2005-2010-жылдарды эскерсек, 60 саясий адам өлтүрүү болгон. Бул иштерди аткарууда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да тартылган. Бирок бул нерсе кызматкерлердин каалоосу менен эмес, аларга буйрук берген адамдар бар болгону үчүн ишке ашты. 2020-жылы коронавирус эпидемиясы күч алып жатканын айткан дарыгерлерди укук коргоо органдарынын кызматкерлери УКМКга алып келип кечирим суроого мажбур кылган. Азыр дагы буйрук берүү менен бизнесмендерге, жергиликтүү бийлик органдарына басым жасалып жатат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери буйруктарды аткарууга мажбур. Күч түзүмдөрүндө ушундай сыяктуу кадр саясаты жүрө берсе, ал жерде тартип болбойт. Тартип болушу үчүн бул органдарга аты булганбаган таза жетекчилер келиш керек"
Талапкер Улукбек Кочкоровдун жообу: "Үч революция бизде эч нерсеге үйрөткөн жок. Улуттук коопсуздук кызматы, саясий буйруктарды аткарган орган катары калууда. Бүгүнкү күндө да бул органдарга басым жасалып жатканын сезип жатам. УКМК, Прокуратура президентке эмес, парламентке отчет бериши керек. Бул эки органдын ишин ачык кылышыбыз керек"
Талапкер Жеңишбек Байгуттиевдин жообу: "Бул маселени чечүүдө менен 3 сунушум бар. Биринчиден, кадр саясатын өзгөртүү керек. Бул системде кокустан келген адамдар иштебеши керек. Башкача айтканда жүргүнчү кадрлар кереги жок. Экинчиден, бул органдарга жумушка кабыл алынып жаткандар калпты текшерүүчү детектордон өтүшү керек, кызматкерлердин салык төлөмдөрү, үй-мүлкү тууралуу толук отчету болушу керек. Үчүнчүдөн, бара-бара таза парламент келгенде, эки орган парламентке отчет берип тургандай кылышыбыз керек. Учурда биздин парламент кесипкөйлөрдүн парламенти эмес"
Талапкер Равшан Жээнбековдун жообу: "Мен УКМКны радикалдуу түрдө өзгөртөм, реформа жүргүзөм. УКМК бизге азыркы күнгө чейин байкоо жүргүзүп келет. Биз буга жол бербешибиз керек. Биз УКМКны жоебуз. Анын базасында чалгындоо кызматын, чалгындоого каршы кызматын, терроризмге каршы кызматын түзөбүз. УКМК мына ушул сыяктуу иштер менен алек болот. УКМКдан тергөө комитетин алып кетебиз. Өз алдынча көз карандысыз тергөө органын түзөбүз. Башка күч түзүмдөрүнүн бардыгынан тергөө кызматтарын алып, өкмөттүн алдындагы өз алдынча органды түзүү керек"
Талапкер Курсан Асановдун жообу: "Бул укук коргоо органдары административдик ресурс колдонуп, шайлоочулардын добуштарын массалык сатып алуу окуялары болуп жатканда көз жумуп келишти. Учурда ИИМдин, УКМКнын мурдагы жетекчилери кайда экенин эч ким билбейт. УКМК башка мамлекеттерде деле күч түзүм блогундагы элиталык түзүмдөрдүн бири болуп саналат. Алар бир гана чалгындоо жана терроризмге каршы күрөшүү иштери менен гана алек болушу керек. Ал эми бизде алсак, Башкы прокуратура эмне иш жасайт? Алар бүгүнкү күнгө чейин президенттин айтканы боюнча иш жүргүзүп, ага отчет берип турат. Мен дагы укук коргоо органдарында ири реформаларды жүргүзүү керек деген пикирге кошулам"
Талапкер Бабыржан Төлбаевдин жообу: "Өлкөдө бир гана УКМК же Башкы Прокуратура эмес, башка укук коргоо органдары да өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин аткарбай келет. Чындыгында бул маселе биз ойлогондон дагы жеңил. "Балык башынан сасыйт" укук коргоо органдарынын кызматкерлери бул - аскерлер. Алар өйдө жактан келген буйруктарды аткарат. Бизде абийирдүү, ак ниет жетекчи келгенде, булардын баары болбойт. Бүгүнкү күндө биздин өлкө, башы жок чабандестей. Ар ким каалаганын жасап жатат. Мамлекет башчылыкка абийирдүү, билимдүү, алганды эмес, бергенди билген адам келиши керек. Мен адилеттүү башкаруучу болом деп ишенем. Ошондо бардык жерде, анын ичинде укук коргоо органдарында дагы адилетүүлүк орнойт"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан