Теледебат: "Президент болуп калсаңар жемкорлор жана уюшкан кылмыштуу топтор менен кантип күрөшөсүңөр?" (жооптор)

Бүгүн, 30-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өтүүдө. Ага Абдил Сегизбаев, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Курсан Асанов, Жеңишбек Байгуттиев жана Бабыржан Төлбаев катышууда.

Президенттикке талапкер Курсан Асановдун атаандаштарына берген суроосу: "Президент болуп калсаңар жемкорлор жана уюшкан кылмыштуу топтор менен кантип күрөшөсүңөр?"

Бабыржан Төлбаевдин жообу: "Биз коррупцияны жеңмейинче прогресс болбойт. Мен коррупция менен күрөшүүдө негизги басымды анын булагына жасамакмын. Мен мамлекеттик бюджеттен эч ким уурдай албагандай системди түзмөкмүн. Коррупция деген бул - өзүңдүн ата-энеңден, балдарыңдан, дарыгерлериңден жана мугалимдериңден уурдайсың дегенди түшүндүрөт. Биз коррупция жасоого мүмкүнчүлүк бербей койсок эле, анын менен күрөшүү бир топ жеңилдейт. Мен коррупциянын булагын эч ким уурдай албагандай жаба алам"
Равшан Жээнбековдун жообу: "Бардыгыбыз президенттер кеткенден кийин, президенттер коррупциянын башында туруптур деп айтабыз. Ошого карабастан кайра эле келип президенттик бийликти курабыз деп жатабыз. Коррупция менен биринчи кезекте сөз эркиндиги күрөшөт. Ал биздин эгемендүү журналисттер. Экинчиден, мамлекетте маанилүү институцианалдык реформаларды жасоо керек (сот системи, укук коргоо органдары). Үчүнчүдөн, жакшы көрөсүңөрбү, жаман көрөсүңөрбү мага окшогон оппозиционерлер керек"
Жеңишбек Байгуттиевдин жообу: "Президент катары мен жеке өзүм эмес, менин командам күрөшмөк. Анткени мен экономистмин. Бирок менин биринчи жасаган кадамым кадрдык саясат болмок. Анткени коррупция менен күрөшүү үчүн профессионал адистер келиши керек. Биздин өлкө жыл сайын 80 миллиард сомду коррупциянын кесепетинен албай калып жатат. Бул акчалар мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын аз дегенде, 2 эсеге көтөрүүгө жетиштүү болмок. Президент катары коррупция үчүн жоопкерчилик тартуунун кайра каралуусун жок кылмакмын. Мурда каралган иштер, кайра каралбашы керек"
Улукбек Кочкоровдун жообу: "Ачык-айкын башкаруу системин түзүш керек. Ал үчүн санариптештирүүнү кеңири колдонуу керек. Мен министр болуп жатканда дарексиз кетип жаткан 1 миллиард сомду санариптештирүү системинин жардамы менен аманат ээлерине тапшырдык. Бул бир министрликте болгон окуялардын бири. Жалпы Кыргыз өлкөсүндө коррупция кандай жүрүп жатканын элестетиңиздерчи. Экинчиден, айлык маянаны жогорулатуу керек. Дарыгер бейтаптын колун карабашы керек, мугалим баланын ата-энесинин колун карабашы керек. Милиционер бандиттин колун карабашы керек"
Абдил Сегизбаевдин жообу: "Коррупцияны эл гана жеңе алат. Кыргыз өлкөсү абдан бай өлкө. Кыргыз элинин байлыгы чөнтөктөрдө кетип жатат. Министрлер, депутаттар, январдан баштап ошол чөнтөктөрдү оодарабыз. Кыргыз элинин ырыскысын жегендерди түрмөгө алып келебиз. 500 миллион жетишпеген дефицит бюджетибизди 1 жарым жылда толугу менен жаап салабыз. Андан кийин өзүбүздүн инвестиция болгон каражаттарга ээ болобуз"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sakubek
2020-12-30 23:59:32
Кыргыз эл жомоктору
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан