Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев: "Эң негизгиси ишеним керек - өзүбүзгө, духубузга, келечегибизге. Кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!"

2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына мөөнөтсүз өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуп катталган Абдил Сегизбаевдин жаңы жылдык куттуктоосу.

"Урматтуу мекендештерим! Келээрки жылдын 10-январь күнү журт башын, президентти шайлайсыздар. Мамлекетибизди башкаруу вазыйпасын кимдин колуна тапшырууну мына ошол шайлоо күнү өз добушуңар менен чечесиздер. Кылым карыткан акылман элибиз туура тандоо жасайт деген терең ишеним бар. Андыктан, акылыңар менен кеңешип, жакшылап ойлонуп, талдап, жүрөгүңөрдү тыңшап, кимге ишеним артып, кимди татыктуу деп эсептесеңер - ошого добуш бериңиздер.
Бийликти - бийликке келгендер, же бир ууч топ, кландар эмес, бийликти эл орнотушу керек. Бийликтин булагы эл. Өлкөбүздө кандай бийлик болот, мына ошол бийликти 6 жылда бир келчү шайлоо аркылуу сиздер орнотосуздар, кыргыз элим! Демек, өлкөбүздүн мындан аркы тагдырын, келечегин өзүңүздөрдүн тандооңор менен аныктайсыздар.
Караңгыда карайлап турганда чырак күйгүзүп жол көрсөтүп, туңгуюктан чыгарып, даңгыр жолго салып кетчү ажоңорду тандап алгыла, тандоодо жаңылып калбагыла. Мына бүгүн баш мыйзамды жаңылайбыз, башкаруу формасын өзгөртөбүз деген саясий күчтөр аламан жарышка аттанып, өздөрүнүн өнүгүү жолун сунуштап чыгып олтурушат. Ал жол президенттик башкаруу формасы. Бул жолду биз акыркы 30 жылда көрдүк, аягы кандай бүтүп, кандай кесепетке алып келээрин билесиздер. Эбегейсиз бийлик бир адамдын, бир топтун колуна берилиши опурталдуу нерсе экенин мамлекетибиздеги ыңкылап, төңкөрүштөр көргөздү. Бизге туура болчу жол, бир гана парламенттик демократия жолу деп терең ишенем. “Кеңешип кескен бармак оорубайт”- дегендей, парламентаризм жолу бизге тең салмактуулукту, туруктуулукту жана эң негизгиси адилеттүүлүктү алып келет! Бул модель көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө эффективдуу иштеп келе жатат. Парламентаризм жолуна бет алган акыркы 3 жылдык тарыхыбыздагы олку-солку нерселер, кыйчалыштар, адилетсиз элементтер жана башаламан көрүнүштөр – бул ушул парламенттик моделдин начарынан же биз үчүн туура келбей калгандыктан келип чыккан жок. Күнөө бул моделде эмес. Күнөө адамдарда, Конституциядан сырткары башкарган башчыларда болду. Ошондуктан, бул жолдон чегинбей, тескерисинче бийликти президенттен оолак кылып, парламентти күчөткөн жолго түшүүбүз абзел. Ушул президенттикке ат салышып жатканымдын негизги максаты ушул, негизги миссиям - бийлик бутактарынын адилеттүү жана тең салмактуу болушуна шарт түзүп берүү, киндик кан тамган өз Мекенибизде туруктуулукту орнотуу менен жаркын келечекти түзүп берүү.
Пенде жаралгандан баштап эле “карыз” болуп келет экенбиз дүйнөгө. Ата-эненин балага, уул-кыздын ата-энесине болгон карызы, деги эле адам баласы жарыкка убактылуу келип, Жараткан Алланын алдында өмүрүбүз өткөнчө карызбыз. Эң негизгиси, Мекен, жер, элибиздин алдында өтөй турган эмгек, кыла турган иштер эбегейсиз көп. Мына, мен кырктын кырын ашып турган чагымда, акылым, күчүм толуп турган маалда моюнума жүктөлгөн, акылыма топтолгон “карызымды” элиме берүүгө мезгил келди. Мен карызмын! Аны кайтарып берүүгө милдеттүүмүн.
Урматтуу калкым! Адамдын эң жакын досу - анын акылы. Акылы менен кеңешкен эч качан жаңылбайт. Адамдын тандоосу, каалосу дененин бир бөлүгүндөй нерсе. Сен денеңдин бир бөлүгүн кесип сатасыңбы, албетте жок! Ошол сыңары, каалооң менен тандооңду сатпа! “Жети өлчөп- бир кес”-дегендей, тандоодон жаңылбайлы. Бир нече сааттан кийин 2021-жылды аттап киребиз, Жаңы жыл менен элибизге ынтымак, береке кут келип, элди башкарган эмес, элибизди баккан журт башчысы келсин. Эң негизгиси ишеним керек - өзүбүзгө, духубузга, келечегибизге. Кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!"
кардар: Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер А.К.Сегизбаевдин каржы маселелери боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Нишаев Нурлан Кочурбаевич. Даярдалган күнү: 31-декабрь 2020-жыл.
Абдил Сегизбаевдин Жаңы жылдык куттуктоосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан