SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө жаран кайрылып, көйгөйлүү маселесин айтты. Ал билдиргендей, кызынын аты-жөнү туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн эки бетине эки башка жазылып калган. Буга нааразы болгон окурман төмөнкүлөрдү айтып берди. Ал эл менен иштеген жерде кызматкерлер жоопкерчиликтүү болсо дейт.
"Биз октябрда мекенибизге кетүү үчүн кызыма Москвадагы Кыргыз элчилигинен күбөлүк алганбыз. Документтин баасы 5 миң рубль болгон. Шашылыш түрдө алгандыктан документтин акчасы кымбат экен. Кызымдын аты-жөнү эки бетте эки башка жазылып келиптир.
Эмнеге мындай деп сурасак, маселе жаралбайт деп узатышты. Биз да ишенип, унчуккан эмеспиз, аэропортко барганда анан көйгөй башталды.
Элчиликке чалсак жооп беришпейт. Мындан башка дагы 5 миң рубль акча берип, аэропорттон маселени чечтик.
Азыр кайра Москвага келдик, деги бизде качан элчи эли үчүн иштейт? Үзүлбөгөн үмүт менен канча мекендештер сагалап эшигинде отурат. Барсаң боор ооруй турган абал, кезек күткөндөр жүздөп саналат. Иши бүтпөй, маанайы чөккөн адамдар андан көп. Ушул шайлоодо элге күйгөн, ыймандуу, элим, жерим деген президент келишин тилеп отурабыз", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.