Бишкекте өтүп жаткан оппозициянын жыйынында ич ара келишпестиктер жаралууда

Бүгүн Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Сарайында оппозиция биримдигин түзүү жыйынында чуу чыкты. Жыйынга катышуучулардын бири Назаркул Нышанов залдан Токтайым Үмөталиева, Эркин Бөлөкбаев, Азимбек Бекназаров сыяктуу оппозициянын мурунку мүчөлөрүн залдан чыгууну талап кылды. Назаркул Нышановдун "Бекназаров, Үмөталиева сыяктуу адамдар бийликке Акаев менен Бакиевди алып келген. Эми биз силерсиз оппозиция түзөбүз. Андыктан залдан чыгып кеткиле!" деген сөзү залда чуу жаратты. Учурда жыйын уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан