Бюллетендер даярдалып, бардык шайлоо участкаларына жөнөтүлдү

Кыргыз өлкөсүндө 10-январда өтө турчу президенттик шайлоо жана референдумга 7 миллион 134 миң 276 бюллетень даярдалды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Анда кечээ, 2-январда "Учкун" имаратында бюллетендерди өлкөнүн жети облусуна, Бишкек, Ош шаарларына жана чет өлкөдөгү шайлоо тилкелерине кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кол коюлганы маалымдалат.

Президенттик шайлоого жалпы үч миллион 567 миң 138 бюллетень даярдалган.

“Учкун” ААКсы бюллетендерди тынымсыз басып чыгаруу процессине БШКнын мүчөлөрү, БШКнын аппаратынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери курамында турган жумушчу топ тарабынан мониторинг жүргүзүлгөн. “Учкун” ААКсынын басмаканасына басылып чыккан бюллетендердин партиясын көзөмөлдөн өткөрүп туруучу жабдуулардын топтому орнотулган. Коопсуздукту УКМК жана ИИМдин кызматкерлери камсыздап турган.

"Шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендеринин ар бирин Автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) анык таанышы үчүн атайын коргоочу боёк менен сырдалып жогорку деңгээлде корголгон.

Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо бюллетень түссүз, Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн бюллетень көгүш түстө даярдалды. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларына бюллетендерди акты менен өткөрүп берет.

Бюллетендерди өткөрүп берүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын, “макул”, “каршы” менен “бардык түрүнө каршы” топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендери бардык коопсуздук чаралары каралган атайын байланыштагы транспорт менен жиберилет", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

Маалымдама: Басмаканада жокко чыгарылган бюллетендер Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акты менен өткөрүлүп берилет. Жараксыз жана ашыкча бюллетендер өткөрүлүп берилгенден кийин, КРнын БШКсынын 3 мүчөсүнүн катышуусунда, талапкерлердин өкүлдөрү, “макул”, “каршы” жана “бардык түрүнө каршы” топтордун 2ден кем эмес өкүлү, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жок кылынганы тууралуу бардык катышуучулардын колу коюлган акты түзүлөт.

Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуп басмакананын, шайлоо комиссияларынын имаратынан алып чыгууга, ошондой эле бюллетендерди көчүрүп алууга жана таратууга тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан