Президенттик шайлоодо 15 үгүт тобу үгүт жүргүзөт

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда үгүт жүргүзүү үчүн 15 үгүт тобу катталды. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлады.

2021-жылдын 2-январына карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-январына дайындалган башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлган маселелерге «макул», «каршы», «бардык варианттарга каршы» 15 үгүт тобун каттады:

- президенттик республикага «макул» – 8 үгүт тобу;

- президенттик республикага «каршы» – 1 үгүт тобу;

- парламенттик республикага «макул» – 3 үгүт тобу;

- парламенттик республикага «каршы» – 1 үгүт тобу;

- бардык варианттарга каршы – 2 үгүт тобу.

2020-жылдын 28-декабрынан тартып 2 телерадио уюмунда – «КТРК» менен «ЭлТР» МТРКда референдумга коюлган маселелерге «макул», «каршы», «бардык варианттарга каршы» үгүт топторунун дебаттары жана жекече чыгып сүйлөөлөрү өткөрүлүүдө. Мурда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы катталган үгүт топторунун ортосунда теледебат өткөрүү үчүн акысыз обо убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөргөн. Чүчүкулактын негизинде бөлүштүрүлгөн обо убактысына ылайык «КТРК» телеканалында үгүт топторунун кезектеги дебаттары 2021-жылдын 4-5-январында өткөрүлөт, обо убактысы – саат 20:00дөн 22:00гө чейин.

Чүчүкулактын негизинде бөлүштүрүлгөн обо убактысына ылайык «КТРК» телеканалында үгүт топторунун кезектеги дебаттары 2021-жылдын 4-5-январында өткөрүлөт, обо убактысы – саат 20:00дөн 22:00гө чейин.

«ЭлТР» МТРКда үгүт топторунун дебаттары 2021-жылдын 6-январынан 8-январына чейин (кошо алганда) өткөрүлөт, обо убактысы – саат 19:00дөн 20:30га чейин.

Ошондой эле «ЭлТР» МТРКда үгүт топторунун жекече чыгып сүйлөөлөрү 2021-жылдын 4-5-январына каралган, обо убактысы – саат 22:05тен 23:30га чейин.

«КТРК» телеканалында үгүт топторунун жекече чыгып сүйлөөлөрү 2021-жылдын 6-январынан 8-январына чейин (кошо алганда) каралган, обо убактысы – саат 22:30дан 23:30га чейин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан