Караколдо тартылган сүрөт үчүн Садыр Жапаровго эскертүү берилиши мүмкүн

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров БШКдан Караколдогу шайлоочулар менен жолугушуу учурунда тартылган сүрөт үчүн эскертүү алышы мүмкүн.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, кечээ, 2-январда маселе боюнча атайын жумушчу топ кеңешме өткөргөн.

“Бул маселени жумушчу топ БШКнын отурумуна алып чыга турган болуп чечти. Ал эми жыйынтык отурумда каралат. Жумушчу топтун мүчөлөрү талапкерди шайлоодон четтетүүнү эмес, ага эскертүү бериш керек деген сунуштарын айтып жатышты”, - деди Бекматов.

Буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушуусу учурунда тартылган сүрөт интернет колдонуучуларынын талкуусуна алынганы маалымдалган.

Сүрөттөн бир нече киши кундуз жакалуу ичик, тебетей кийип Садыр Жапаровдун маңдайына тизилип, алардын бири алаканын кенен жайып бата берип жатканын көрүүгө болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (55)
Sezimim...
2021-01-03 14:12:25
Садыр Жапаровдун жарым жылда Кыргызстанды гулдотом деген созун ойлонуп айтпады. Бутун Кыргызстанды гулдотууго жарым жыл жетишсиз. Бир жылдан сон гулдото албадын деп кууп жонобосок болду. Эки жуздуу, байлык - бийлик учун жанын бергендер С. Жапаровдун бийликке келээрине козу жетип анын артынан кошоматтанып жургон кези. Эртен бул кошоматчыларды бийликке алып келгенге Садыр аргасыз болот и баягы эле Мамайдын кору башталат. Садыр убагында ойлонуп алардан озун оолак кармаса болмок.
+8
eddi.
2021-01-03 14:17:16
Кыргызстанга кудай келгенсип Садыр дагы кыйратпайт
+4
Elaman0693
2021-01-03 14:29:50
Урматтуу достор анда кимди шайлайбыз? Арстан алай акылынан адашкан, Мадумаров да озунон башканы тенине албайт, Калмаматов дегенде Текебаевти элестетебиз! Эч Ким кепил боло албайт жакшы иштешине! Достор эки эле татыктуу талапкер бар. Садыр Жапаров жана Улукбек Кочкоров! Бул жерде айтышып олтургандарга кенешим Кочкоровдун Кут программасы мнен таанышып, баа беришинерди суранам!
+3
modem4999
2021-01-03 14:52:48
Мындан эки жарым ай мурункудан Садырдын рейтинги бир топ эле тушуптур, Садырга ишенбеген коментарийчилердин саны кобойуп. Президент болгондон кийин дагы тушот деп ойлойм, карапайым элди жалындуу создор менен дайыма эле ээрчите албайт.
+4
Future11
2021-01-03 14:53:18
Негизи Садыр Жапаровго эч каршылыгым жок. Кыргызстан деп күйгөн патриот катары билем. Бирок акыркы мезгилде жүргүзгөн саясаты,келечекке койгон пландары менен кошула албайм. Бүтүндөй бийликтин баарын бир колго чогултуу опурталдуу иш. Өзүм билем өтүгүмү төргө илем деген саясат жүрүп калат. Кимди колдоснор колдгоула бирок референдумдага каршы добуш берсенер
+6
sultan_bek
2021-01-03 14:54:57
Зек Садыр Жапаров
+5
Guliza85
2021-01-03 15:21:33
Садыр Жапаровду таза эле Кудай сезип алышты го,эл тандап атат,эл каалап атат деп бир ууч тарапташтары.Менин жеке Жапорвго ишеничим,сыйым жок.Эл десе сууктун кунундо театр уюштуруп,аншлаг менен концерт койбой эл катары жонокой эле эл менен жолугуп,дебатка катышмак.Бир нерсе десе эле ызылдап жатып калчу ажылдаган тарапташтары алдын ала айтып койоюн балакетимди алып жооп жазып башынарды оорутпагыла.Билимсиздик,анкоолук,макоолуктун да чеги болот...жон эле Садыр,Садыр дей бербей эсинерге келгилечи...
+4
Elaman0693
2021-01-03 15:28:42
Арстан Алайды шайлагыла, Садыр зек болсо
-1
al-abu-kinesz
2021-01-03 16:13:09
Эл акыркы мезгилде таза, патриот, эл учун иштеген кадрга ото катуу суусап турганда 100% татыктуу болуп Садыр Жапаров келди! Эмне ичинер орттонуп атат? Сыйга татыктуу болгон учун эл сыйлап ушундай даражада тосуп алды!!! Башкаларды ошончолук денгээлде кайсы жерде тосуп алышты?? Буйруса 10 январда Садыр Жапаров президент болот!
-6
Eldar6724
2021-01-03 17:56:17
al-abu-kinesz, Убагында Жеенбеков Сооронбай, Мекеним Кыргызстан, Биримдикти кудум ушулар, кудум ушундай кылып тосуп алышкан эсиңде болсо, булар эл эмес гос бюджеттен айлык алгандыр.
0
make2
2021-01-03 18:17:34
Садыр менен чет мамлекет суйлошпойт, себеби мыйзамсыз, элге кыйын болот, Мадумаров келсе, билими,эл аралык кадыр баркы, туруктуулугу, мыйзамдуулугу менен кыргызстанды которо алат
+1
Invests
2021-01-03 19:25:03
Садыр башынан ээрге кыйшык отурду, бир кулайт коросунор. Мыйзамдарды бузду, жалган суйлогондорун кара. Ишене албай турам, бир Кун качат бул дагы, митинг менен аяктайт
+2
Nursul
2021-01-03 22:25:30
Өзү Кыргызга эч нерсе жакпайт. Эми ким жаман Садыр жаман боло баштады калгандарын мактап ошол мактап аткан кишинер буга чейин Кыргызстан үчүн эмне иш кылды нени кыйратты. Бири бирибиз менен айтышып көңүл оорутпай көңүлүбузго ким туура келсе шайлайлы
+4
Isikkolumkeremet
2021-01-04 09:33:26
Туугандар!!!!!!!!!
А дейбиз бу дейбиз.буга чейин бироо да жыргаткан эмес.ТВда стул минип эле сайрап атышкан.Садыр болсо эл мн журот.кандидаттар да сайрап атышат.биз Садырдын фанаты эмеспиз!!!биз болгону жакшы президент болобу ушу деп умутубузду артып атабыз.ыймандай сырым..
+1
guard
2021-01-04 11:37:46
Ичигинер барбы, кийе бергиле да, азыр кыш мезгили эмеспи...
0
Malinashka
2021-01-04 22:40:52
Садырды каалоочулар гана жазыптырсыңар комментарийди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан