Абдил Сегизбаев 7 дубандан келген тарапташтары менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 3-январь күнү президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев 7 дубандан келген тарапташтары менен Бишкек шаарындагы “Жеңиш” аянтында жолугушту. Жолугушууда сөз кезеги ар бир облустан келген тарапташтарынын өкүлдөрүнө берилди. Нарын жергесинен келген тарапташтарынын атынан “Нарын жаштар коомунун” өкүлү Тилекмат Куренов сөз сүйлөп:

“Биз Абдил Сегизбаевди колдогонубуздун себеби ал учурда өлкөдөгү түзүлгөн абалдан чыгуунун реалдуу жолдорун жана багыттарын сунуштап жатат. Ошондой эле бизди бириктирген дагы бир негизги себеп болду. Ал Жетим-Тоо маселеси. Жетим-Тоо бул элибизге Кудай Тааламдан берилген баа жеткис байлыгы, белеги. Азыркы бийлик Кытайдын карызынан кутулуу үчүн Жетим-Тоону беребиз деп жатышат. Биз буга караманча каршыбыз.

Жетим-Тоону каздырып, элибизди жетим калтыргысы келгендер, ошол кен жайгашкан коруктагы элибиздин дагы бир байлыгы болгон мөңгүлөрүбүздү талкалаганы жатышат. Мөңгүлөр - бул элибизди кылымдар бою таза суу менен камсыздай турган байлыгыбыз. Суу - бул өмүр булагы, мөңгүлөр керек болсо Жетим-Тоодогу миллиарддаган долларлык кенден, алтын, бриллианттан да кымбат турган байлык. Жетим-Тоо казыла башталса, мөңгүлөр талкаланып, экологияга кайра кайтарылгыс зыяндар келтирилет.

Андыктан Жетим-Тоого көз арткандар бирөөлөрдүн аткарбай кеткен ишин көздөшпөсүн. Абдил Сегизбаев менен бирге биз Жетим-Тоону кол тийгизбей сактап калабыз. Бул багытта “Жетим-Тоону сактайбыз” кыймылын негиздедик. Нарын эли Абдил Сегизбаевди колдойт ”,- деди ал.

Ысык-Көл облусунан келген тарапташтары көл жергесинде Абдил Сегизбаевди колдогондордун саны күндөн күнгө арбып бара жатат деп белгилеп, анын чынчылдыгы, акыйкатты көздөгөнү, өлкөнү өнүктүрүү багытындагы программасы көпчүлүктү кызыктырууда. Кыргызстан азыр өнүгүү жолуна багыт алышы керек. Биз акчага, мансапка, байлыкка алданбастан таза инсанды шайлап алышыбыз керек. Азыр талапкерлердин арасынан көкүрөгү таза, жүрөгү элим деп жанган жалгыз Сегизбаев. Андыктан Абдил Сегизбаевди колдойбуз деп билдиришти. Чүй облусунан келген тарапташтарынын атынан талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү, коомдук ишмер Султан Ибраимовдун кызы Эльмира Ибраимова сөз сүйлөп, ал:

“Үстүбүздөгү жылдын 10-январында элибиз өлкөнүн президентин шайлайт. Президент деген ким? Ал Кыргызстандын тагдырын, келечегин чече турган инсан. Буга чейин 4 президентти көрдүк. Кыргызстан бай өлкө, элибизге жете турган өзүбүздүн ресурстарыбыз бар, бирок буга чейин анын бардыгы мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына жумшалган жок. Алдыдагы шайлоодо биздин мындан аркы тагдырыбыз чечилгени турат.

Андыктан биз туура тандоо кылып, өнүгүү жолуна түшүшүбүз керек. Жаңылганга бизде убакыт жок, өлкө кыйын абалда турат. Экономикалык кыйынчылыктар менен чогуу мыйзамсыздык , кылмыштуулук күч алды. Биздин балдарыбыздын келечеги бүдөмүк, себеби өлкөдөгү ар бир төртүнчү наристе жакыр турмушта жашайт. Аларга биз татыктуу жана коопсуз жашоону кепилдешибиз керек. Ал үчүн өлкөнүн башына абийирдүү, чынчыл жана таза президентти шайлашыбыз керек.

Мен Абдил Сегизбаевди көптөн бери жакындан таанып билем, ал өтө сезимтал жана жогорку профессионалдуу инсан. Биз ишенебиз, Абдил Сегизбаевдин Кыргызстанды өзгөрүү жана өнүгүү жолуна салганга кудурети, күчү, билими жетиштүү. Андыктан биздин тандоо Абдил Сегизбаев, биз аны колдойбуз”, - деди Эльмира Ибраимова.

Чүй облусунан келген тарапташтарынын атынан Бакиевдердин кандуу режими учурунда атайын буйрук менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн маркум Үсөн Кудайбергеновдун бир тууганы Нургүл Кожомбердиева сөз сүйлөп, “Биз Бакиевдердин кайтып келишин каалабайбыз. Азыркылар Бакиевдердин бардык жакындарын бийликке алып келишти, алардын көздөгөнү бакиевдерди өлкөгө кайтаруу.

Бакиевдердин маалында элибиздин бычакка сап нечендеген уулдары, журтубузду бир ууч кылып, биримдиктүү кармаган сыймыктуу патриоттору атылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Муну биз эч качан унутпашыбыз керек. Бизге азыр кландарды жана кандуу режимди кайтара турган эмес, акыйкатты орното алган адилеттүү бийлик керек. Аны Абдил Сегизбаев камсыздайт деп терең ишенебиз. Ошол себептен биз аны колдойбуз”, - деди.

Мындан тышкары, жолугушууда “Энелер кыймылы”, Жумгал биримдиги, Талас жана Чүй облусунун жаштар кыймылынын өкүлдөрү сөз сүйлөп, 30 жылдан бери элибиз өнүгүүнү кааладык, бийликке келгендердин ар бирине ишеним арттырдык, бирок ишенимибиз акталган жок, өлкө туңгуюкка кептелди, элибиз алданды.

Биз татыктуу жашоону, өнүккөн, коопсуз, туруктуу өлкөнү каалайбыз. Андыктан Абдил Сегизбаевди колдойбуз жана ага ишенебиз - деп билдиришти. Жолугушууда Абдил Сегизбаев өзүнүн шайлоолор алдындагы платформасын тааныштырып, экономика, инвестицияларды тартуу, инвесторлорду, бизнесмендерди колдоо, соттук реформа, саламаттыкты сактоо, билим берүү, калкты социалдык жактан коргоо, чек ара маселелери, чек арага жакын жайгашкан аймактардагы элге колдоо көрсөтүү, аймактарды өнүктүрүү боюнча кеңири маалымдады.

Мындан тышкары, ал учурдагы абалды колдонуп, кылмыштуу топтор, кандуу кландын жакындары бийлик бутактарын аралап кеткендигин билдирип, “Мындай баш аламандыкка, режимдердин, кландардын кайтып келишине, бизди мите курттай соруп, ырыскыбызды талашкандарга жол бербейбиз.

Биз мыйзамдуу, коопсуз, өнүккөн өлкө болууга багыт алып, элибизге күчтүү мамлекет жана татыктуу жашоону камсыздашыбыз керек. Ал үчүн мен бардык аракеттеримди жумшайм. Эзелтеден элибиз же баатырды, же бакканды ээрчиген. Мен силердин алдыңарда сөз берем, буга чейин уулуңар элем, эми элимдин оор жүгүн көтөргөн кулуңар болом”- деди талапкер.

“Менин жанымда бир дагы аткаминер, депутат же министрлер жок. Мени колдогондор жана мага ишенгендер менин элим. Элим менен бирге биз Кыргызстанды 2 жылда бутуна тургузуп, 5 жылда өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киргизебиз. Өлкөнү бандиттерге, рекеттерге башкартпайбыз. Кыргызстан мыйзамдуулук жолунда өнүккөн туруктуу, өлкө болот. Балдарыбыз коопсуз көчөлөрдө ойноп, жарандарыбыз, ишкерлерибиз кооптонбостон жашап, иштешет”, - деди талапкер.

Жолугушуунун жыйынтыгында аксакалдар Абдил Сегибаевге бата берип, алдыдагы шайлоолордо ага ийгилик жана таза жеңиш каалашты.

кардар: Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер А.К.Сегизбаевдин каржы маселелери боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Нишаев Нурлан Кочурбаевич. Даярдалган күнү: 3-январь 2021-жыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан