SUPER.KG'де сурамжылоо: 51,9 пайыз колдонуучу Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырды

10-январь - Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү. Президенттик тактыга 17 талапкер ат салышууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы окурмандардын арасында сурамжылоо жүргүздү. 16-декабрда башталган сурамжылоого жалпы 1087 колдонуучу катышты. Жыйынтыгында Садыр Жапаров эң көп добушка ээ болду. Башкача айтканда, сурамжылоого катышкандардын 51,9 пайызы же 564 колдонуучу Жапаровдун талапкерлигин жактырган.

Ал эми 24,3 пайыз же 264 адамдын колдоосуна ээ болгон Адахан Мадумаров экинчи орунда.

5,1 пайыз же 55 добуш алган Мыктыбек Арстанбек 3-орунду ээледи.

4 жана 5-орундарда Эльдар Абакиров (3,2 пайыз же 35 добуш) жана "баарына каршы" графасы (2,9 пайыз же 32 добуш) жайгашты.

2 добушка ээ болгон Канатбек Исаев жана 1 добуш алган Жеңишбек Байгуттиев сурамжылоонун эң төмөнкү катмарынан орун алышты.

Сурамжылоонун жыйынтыгы:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-01-04 18:23:10
Садырдан башкасы жөн эле койбодуңар да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан