БШК: "Кара-Суудагы коркутуу боюнча маалымат укук коргоо органдарына билдирилди"

Кара-Суудагы коркутуу боюнча маалымат укук коргоо органдарына билдирилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

"2-январда БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун WhatsApp номерине "Жалпы иш" коомдук фондунан маалымат түшүп, анда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Киров айылында спорттук дене түзүлүштөгү келбеттүү адам үйлөрдү кыдырып, эгер президент кызматына талапкер Садыр Жапаров шайлоодон көпчүлүктөн добуш алып өтпөй турган болсо, физикалык күч колдоно тургандыгын айтып коркутуп жүргөндүгү тууралуу айтылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине, Башкы прокуратурага, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына билдирилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mashyrbek
2021-01-04 12:03:07
С. Жапаров 100 караласада эл колдойт Жапаров буйурса приздентике отот
-4
Kuban-1207
2021-01-04 12:27:33
Садыр алга
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан