Садыр Жапаров Сокулук, Москва, Жайыл райондорунун жана Кара-Балта шаарынын эли менен жолукту

3-январда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаров Чүй облусунун батыш тарабы, тактап айтканда Сокулук, Москва, Жайыл райондорунун жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын эли менен жолукту. Жапаров менен жолугууга аталган райондордон миңдеген жарандар келишти. Алар Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, талапкерге көптөн бери чечилбей, көйгөй жаратып келе жаткан суроолорун берип, жооп алышты.

Чынында башка облус, райондор сыяктуу эле Чүй облусунун район, айылдарында да көйгөй жараткан маселелер арбын экени маалым. Сары-Өзөн Чүйдө молчулук болсо, элде токчулук болоорун баса белгилеген Садыр Жапаров, чогулган эл менен саламдашып, амандашкан соң, жогоруда аты аталган райондордогу көйгөйлүү маселелердин орчундууларына токтолуп, Кудай буюруп президент болуп шайланып калса, көп жылдык көйгөйлөрдү чечүүгө аракет жасаарын, тилеги, максаты элдин жашоосун жакшыртып, өлкөнү өнүктүрүү экенин баса белгиледи.

Ал белгилегендей Кыргызстандын кайсы аймагына барба көйгөйлөрдүн эң орчундуусу жол жана суу маселеси. Өзгөчө алыскы региондордо биринчи эле көзгө союздан калган, тамтыгы чыгып, чаңы көккө сапырылган эски жолдор урунат. Анан албетте, көп айылдарда таза суу көйгөйү курч. Чүй облусунда дагы мына ушундай эле көйгөйлөр жыйырма жылдан бери чечилбей, элдин бийликке болгон ишеничин жокко чыгарып келгени белгилүү.

“Президент болуп шайланып калсам, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө бар күчүмдү жумшайм. Эң биринчи социалдык көйгөйдү чечиш керек. Аймактардын, айыл элинин жашоосу оңолсо, мамлекетибиз өнүгөт. Кудай буюрса президент болуп шайланып калсам, региондорго өзгөчө көңүл бурам. Мектеп, бала бакча, оорукана, маданият үйлөрүн жаңылоо боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр болгон. Жакшы пландарыбыз бар, республика боюнча 245 мектеп жараксыз абалда экен. Анын баарын жаңылашыбыз керек. Акырындык менен бардык маселени чечебиз. Ар бир региондун маселесин өз-өзүнчө папкага тиркеп жатам, азыр сиздер айтып жаткан көйгөйдүн баары өзүнчө папкага тиркелет. Президент болуп калсам, ар бирине кылдат көңүл бурам” - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле Чүй облусу Казакстанга жакын болгондуктан, чек араны бөлүп турган Чүй дарыясынын жээктерин оңдоо тууралуу да суроолор берилди.

“Чек ара кызматы УКМКнын карамагына өттү. Чекара - мамлекеттик иш. Ага өзгөчө көңүл бурулат” - деди талапкер.

Замир Сатаев атуу жаран “Бизде “Носоновское” деген алтын чыккан жер бар, ал жерди казууга көп чоңдор ар дайым кызыктар болуп келет, алар кенди казууга буга чейин көп жолу аракет кылып көрүштү, бирок эл жол берген жок. Кен казылса экологияга чоң зыян алып келет. Президент болуп калсаңыз, ушул маселени чечип бериңиз”- деп суроо узатты.

Ага Садыр Жапаров: “Мындан ары кандай гана кен болбосун аны каздырбагыла. Жаратылыш байлыгын, кендерибизди ой келди каздырбоо боюнча мораторийге кол койгом. Ал мыйзам азыр күчүндө. Буга чейин көп кендер казылганы менен, мамлекетке жарытылуу пайда түшпөптүр. Ошондуктан, кендерди каздырбайбыз, ал эми буга чейин иштеп келген кен байлыктарга тийбейбиз, алар иштесин, мамлекетибиздин экономикасын тезирээк көтөрүшүбүз керек”,- деп жооп берди Садыр Жапаров.

Чогулган элдин арасында Садыр Жапаровго суроо эле бербестен, каалоо- тилек айткандары да арбын болду.

Алар буга чейинки президенттер элди айдактап, күчкө салып, же болбосо акча таратуу жолу менен жолугууга алып келсе, бул жолу эл Садыр Жапаров менен жолугушууга өз каалоолору менен келип жатышканын, ага аябай ишеним артып, үмүттөнүп турушканын, Садыр Жапаров президент болсо, өлкө оңолоорун айтып жатышты. Талапкердин эл менен болгон жолугушуусунун аягы буга чейин болуп келгендей эле аксакалдын бата берүүсү менен жыйынтыкталды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kuban-1207
2021-01-04 13:15:41
Садыр алга
+1
erik3
2021-01-04 13:25:52
Садыр элдин умутун актасан болду. Коробуз. Убакыт бергиле деп уктап жатып алган болбойт. Калп эле ар кайсы шылтоолорду айтып, убакыт керек деп, убакытты созо берсен, тез эле кетесин. Азыр Ак уйдун тосмосу ачык. Тез эле кирип барышат.
+10
nazarnew
2021-01-04 14:08:38
Садыр алга, калганы артка.
-4
Baihan77
2021-01-04 14:20:30
Кайра эле кошоматка кой сойгондор, көт жалаганды койгулачы кудай буйруганы болот да.
+8
interpol
2021-01-04 14:27:39
Садыр Жапаров биздин президент. Ичи күйгөндөр түз жалагыла.
0
modem4999
2021-01-04 17:45:09
interpol,Сенин дандонбу
-3
bond02
2021-01-05 11:03:39
Садыр бугун Кара Кулжага келет деп мамлекеттик кызматта иштегендерди хочешь не хочешь барасын деп айдап кетти, ушул акыйкаттыкпы, Садыр деп кыйкырып жургондор кубанычынар копко созулбайт го.
0
BarsBaatyr
2021-01-06 07:58:00
Садыр Нуркожоевич, Кара-Кулжага сөзсүз барышыңыз керек эле. Биримдике 100% добуш берген район сизге 200% бермек ха-ха-хаааа. Пахта коюш боюнча √1 район
0
Ruma
2021-01-05 11:46:14
Баардыгынар кошомат кылгандар бирден тийгизип чыкыла Садырга..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан