Абдил Сегизбаев: «Мен Кыргызстандын тарыхынын жаңы барактарын ачкым келет. Мен элимди башкарган эмес, баккан президент болом»

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев бүгүн, 4-январда Ош облусунун жана Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Абдил Сегизбаев Ош облусу менен өткөн жолугушуусунда сүйлөп жатып, азыр өлкөдөгү бийликке акыйкат жетпей жаткандыгын белгиледи: "2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин тосмосу алынды. Ооба, ал тосмо аткаминерлерди 30 жылдан бери өз арабасын өздөрү тартып келе жаткан элден бөлүп турган тосмо болгон. Октябрь окуясынан кийин алынган тосмолор азыр эмнени өзгөрттү? Бийликтин элге болгон мамилеси өзгөрдүбү же элдин жашоосу өзгөрдүбү? Эгер мындан жыйынтык чыгарып, сабак албасак анда окуялардын кайра башынан кайталанышына себеп болот", - деп билдирди талапкер.

Абдил Сегизбаев президенттик шайлоого катышуусунун себебин мындайча түшүндүрдү: "Мен президенттик шайлоодо добуш топтоюн деп же болбосо бийликке барайын деп умтулган жокмун, менин максатым элге чындыкты жеткирүү. Биз бардыгын көрдүк. Мамлекеттин башында академик да, канкор да, уурулар да, жетеленип келгендер да болду. Жыйынтыгында, алардын бири да элдин ишенимине кирип, жүрөгүнөн орун таба алышкан жок. Андыктан мен азыр Кыргызстандын тарыхын жаңы барактан баштагым келет: мен элди башкарган эмес, баккан президент болом",- деп билдирди ал.

“Мен президенттик шайлоого катышуу үчүн арызымды эң акыркы күнү тапшырдым. Анткени эл арасынан чыныгы элим деген татыктуулар суурулуп чыгат деп күттүм. Тилекке каршы, андай болгон жок”, - деди талапкер.

«Азыркы бийликти карап туруп, баягы эле жүздөрдүн өлкөнү башкарып жатканын байкадым. Ошол эле үч партияга, Жээнбековдорго чуркагандар, өлкөнү тоногондор азыркы бийликти айланчыктап жүрүшөт. Эгер биз кайрадан эски багыт менен кете турган болсок, эч кандай өзгөрүүлөр болбойт. Аткаминерлер кайрадан эле көрүнбөгөн тосмонун ары жагында, карапайым эл өзүнүн жүгү менен тосмонун бери жагында кала берет», - дейт Сегизбаев.

Абдил Сегизбаев бардык талапкерлерди биригүүгө үндөп, мансапты көздөгөн эски кошоматчыларды айланаларына топтобогонго чакырды. «Мен Кыргызстанга ак эмгегимди арнаганга даярмын, эң негизгиси элге кызмат кылып, Кыргызстандын жаркын келечеги жана өзгөрүүлөрдү алып келүүнү көздөп, иштешибиз керек», - деп үндөдү талапкер.

Мындан тышкары ал республика боюнча өткөрүлүп жаткан жолугушууларга бийлик тараптан провокаторлордун жөнөтүлүп жатканын да белгиледи: "Бийликтегилерге! Мен элимдин душманы эмесмин. Мамлекеттин мүдөөсүн чече албай, өлкөнүн кызыкчылыгын көздөбөгөндөр, элдин ырыскысын жегендер – мына ушулар эл душмандары. Убактыңарды мага коротпой, андан көрө жемкорлор менен күрөшүп, уурулардан жегендерин өндүрүп, иш менен алектениңиздер”, - деп ал бийликке кайрылды.

Абдил Сегизбаев жолугушууга келген элге өзүнүн шайлоо алдындагы платформасын тааныштырып, мамлекеттик башкаруу, соттук реформа, тышкы саясат, өлкөнүн экономикасы, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча алдыдагы пландарынан маалымат берди.

«Мени айрымдар УКМКны 2 жыл башкарып отуруп, эч кандай иш кылган жоксуң деп сындашат. Ал кезде менин алдымда бир гана милдет турган - Кыргызстандын туруктуулугун жана тынчтыгын камсыз кылуу. 2 жылда мен милдетимди так жана таза аткардым, өлкөдө бул аралыкта туруктуулук толук камсыздалган, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөн.

Мен УКМКны башкарып турган маалда улуттук коопсуздуктун кызматкерлери үчүн 800 батир курулган, өлкөнүн бюджетине 50 миллион доллар кайтарылган. Ошол эле маалда мен өзүмө бир чарчы метр жер же бир тыйын ыйгарып алган эмесмин», - деди талапкер.

Ал бийликтегилерди сын айткандарды куугунтуктабай, эл үчүн чындап кызмат кылууга чакырды.

Мындан тышкары, Абдил Сегизбаев программасындагы элди калкты социалдык жактан коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, пенсионерлерди жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо, балдарды тарбиялоо жана адамдардын укуктарын коргоо жөнүндө да маалымат берди.

Идеология жаатында талапкер ой бөлүшүп жатып, анын идеологиясы кыргыз тилин жана башка улуттардын тилдерин сактоону жана өнүктүрүүнү көздөйт деп билдирди ал. «Менин идеологиям жөнөкөй – тилдерди жана каада-салттарды сактоо, Кыргызстандын келечегин камсыздоо, өлкөнү өнүктүрүү», - деди.

Жыйынтыгында Абдил Сегизбаев мен куру убадаларды бергенден алысмын, менин платформам аткарыла турган жана реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү гана камтыйт деп билдирди.

Жолугушуу суроо-жооптор менен уланып, келгендердин жакшы каалоо-тилектери менен жыйынтыкталды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
marat_1910
2021-01-04 21:00:58
ушу Сегизбаев жон эле койчу сен , сага ишенген киши жок го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан