Садыр Жапаровго көбүрөөк даттануулар болуп жатканы айтылды

Бүгүн, 5-январда "Жалпы иш" коомдук бирикмесинин узак мөөнөттүү байкоочулары президенттик шайлоого карата даярдык боюнча маалымат жыйын өткөрүштү. Анда байкоочулар президенттикке талапкерлердин ичинен Садыр Жапаровго көбүрөөк даттануулар келип жатканын билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровго административдик ресурстарды колдонуу, добуш сатып алуу, агитаторлорду, байкоочуларды, шайлоочуларды коркутуу боюнча даттануулар келип түшкөн.

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Учурда шайлоого 17 талапкер ат салышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aliza_96
2021-01-05 16:03:02
Жалаа жапканды, алдыдагы кишиге бут тосконду токтотпосок, эч качан алдыга жылбайбыз!
0
BarsBaatyr
2021-01-06 07:45:45
Aliza_96,бирок чындыкты моюнга алуу керек.жер жерлерде админ ресурс аябагандай катуу колдонулуп жатат деп безилдеп эле жүрүшөт.
-1
patriot.kg94
2021-01-05 20:18:31
Ошо коркутуп уркутуп аткандарды видеого тартып чыгарбайсынарбы мурдагы шайлоодо чыгарып атышканго калпты да окшоштуруп токуш керек да каралай бербей
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан