SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө жаран кайрылып, Баткендеги чек арага байланыштуу көйгөйлүү маселени айтып кайрылды. Ал билдиргендей, Кадамжай районундагы чек арада жайгашкан жерлер коңшу Өзбекстанга өтүп кетүү коркунучунда турат.
"Бул жер Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын чектешкен жери, азыр ушул жерде көйгөй болуп жатат. Себеби 2017-жылы биздин депутаттар ушул жерди коңшу өлкөгө сатып жибергендиктен азыр жер талаш болууда. Ал эми жергиликтүү эл буга нааразычылыгын билдирип жатышат. Азыркы бийликтен маселеге кайдыгер карабай чечип берүүсүн өтүнөт элек", - деген жаран талаш болуп жаткан аймакты видеого тартып жиберген.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.