28-сентябрдан 3-октябрга чейин Казакстандын Алматы шаарында өткөн пентатлон (пятиборье) боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык Никита Кузнецов 6-орунду ээледи. Мелдешке эркектер арасында 4 жана кыздар арасында 3 спортчу катышкан. Айта кетсек, пентатлон спорттун заманбап түрлөрүнүн бири. Анда спортчулар сууда сүзүү, чуркоо, ок атуу, ат оюндары жана фехтования боюнча спорттун 5 түрү боюнча ат салышат. Мелдешке катышкан кыргызстандык спортчулардын көрсөткөн жыйынтыктары төмөндө:
Эркектер арасында:
Никита Кузнецов 6-орун
Данияр Бактыбеков 11-орун
Темирлан Айтимбетов 15-орун
Тилек Таалайбеков 22-орун
Кыздар арасында:
Виолетта Погиба 15-орун
Екатерина Ниязова 18-орун
Алина Сингх 19-орун