Бүгүн, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоодо №1046 шайлоо тилкесине келип эң алгач добуш берген 73 жаштагы Базарбай Ороков шайлоо таза өтөрүн айтты.
"Мен дайыма шайлоолордо ушул №1046 добуш берүү тилкесине келип добушумду берем. Быйылкы шайлоо мурдагыга салыштырмалуу таза өтөрүнө толук ишенем. Себеби башынан эле таза башталды. Мага буга салып кой деп акча сунуштагандар болгон жок. Мен өзүм андайды жаман көрөм. Шайлоодо жүрөгүмө жаккан талапкерге добушумду бердим", - деди Базарбай Ороков.