"Президенттикке жаштардын келишин колдойм" дейт шайлоого келген 73 жаштагы ата

Бүгүн, 10-январда президенттик шайлоо өтүп жатат. Анда алгачкылардан болуп шайлоого келген 73 жаштагы ата Темирбек Ырсалиев президент болуп шайланган адам Кыргыз өлкөсүн өнүктүрөрүнө чоң ишеним артып жатканын билдирди.

"Мен Төкөлдөштөн болом. Шайлоо жакшы деңгээлде уюштурулуптур, бардык санитардык нормаларды аткаруу менен өтүп жатат. Шайлоо ар бир жарандын милдети. Президенттик башкаруу системин колдойм. Анткени бир адам жоопкерчиликти алышы керек. Ал эми көп адам болгондо эч ким жоопкерчиликти албай калат экен. Президенттикке жаштардын келишин колдойм. Азыр президент болуп шайланган адам 4-5 жылда баарын анализдеп чыгып, өзүнүн стратегиялык пландарын түзүшү зарыл", - деди Ырсалиев.

Эске салсак, президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышууда. Мындан тышкары жарандар шайлоодо өлкөнүн башкаруу формасын дагы тандашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан